Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Эларалык спорт мелдеши өтөт


БИШКЕК.10-июнда Кыргызстанда алгачкы ирет мультиспорт боюнча «Ред Голуаз» эларалык мелдештин 12-чемпионаты башталат. 9-июнда Жетиөгүз районунун аймагында мелдештин катышуучуларынын лагери расмий түрдө ачылып, ага вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев катышты. «Ред Голуаз» спорт мелдешине дүйнөдөгү 18 өлкөнүн 36 командасы катышат. Алар 7-10 күн аралыгында 950 чакырымдык аралыкты жөө, атчан, велосипед менен басып өтүү, сууда сүзүү жана аскага чыгуу боюнча атаандашат.Мелдеш жүрүшүн дүйнөнүн 42 телекомпаниясы 14 тилде түз алып көрсөтүп, жалпысынан 300 сааттык көрсөтүүнү эфирге чыгарышат. Мелдешке Кыргызстандын үч эркек, бир аялдан турган командасы да катышууда. Алар жеңишке жетсе команданын ар бир мүчөсү премьер-министр Николай Танаевдин 15 миң долларлык сыйлыгын алат. Ал бул тууралуу 7-июнда спортсмендер менен жолугушууда убада кылды.

XS
SM
MD
LG