Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:16

Кыргызстанда дагы бир саясий партия түзүлдү


БИШКЕК. Кыргызстанда «Акыйкат жана прогресс» аттуу жаңы саясий партия расмий каттоодон өттү. Аны Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы Ишенбай Абдуразаков, экс-тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев, мурдагы байланыш министри Абдыжапар Тагаев, депутаттар жана саясатчылар уюштурушту. 9-июнда партиянын саясий кеңешинен алынган маалыматка караганда, партия өлкө экономикасын жакшыртып, бара-бара мамлекетти күчтүү экономикалуу өлкөгө айлантуу жана мамлекет менен жарандардын ортосунда өнөктөштүк мамилесин калыптандыруу максаты менен түзүлдү. Андан тышкары партия Кыргызстан калкы арасында эң жогорку рухий, маданият баалуулуктарды калыптандырып, ички жана тышкы коопсуздукту камсыз кылуунун ишенимдүү, бекем системасын түзүп, жаштарда патриоттулук сезимди бекемдөө максатын алдыга койду. Партиянын уюштуруу курултайы 30-мартта өткөн. Жаңы партияга мүчөлүккө өткөндөрдүн саны 1000 чукул.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG