Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Эркин басылманын башкы редакторунун автомашинасы өрттөлдү


БИШКЕК. Сот чечими менен чыкпай калган «Моя столица» гезитинин башкы редактору Александр Кимдин автомашинасын гаражда турган жерден кимдир бирөөлөр өрттөп кеткен. Бул тууралуу 9-июнда Александр Ким кабарлады. Анын айтымында, «Тойота Прадо» аттуу жип үлгүсүндөгү автомобиль өткөн жуманын ичинде өрттөлүп, бирок аягына чейин күйбөй калган. Окуя тууралуу жекшемби күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук милиция кызматына кабарланган жана өрт болгон жерге келген милиция кызматкерлери машинаны өрттөө аракети болгонун каттап кеткен. Александр Кимдин пикиринде, автомашина атайын өрттөлгөн жана ал муну саясий шантаж, басым катары баалоодо. Ал эми тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү тергөө иштеринин жүрүп жаткандыгына байланыштуу азыр эч кандай маалымат бере албай тургандыктарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG