Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

ЮНЕСКО симпозиуму өтүүдө


БИШКЕК. 9-июнда Бишкекте Борбор Азияда жогорку билим берүү проблемасына арналган экинчи регионалдык симпозиум башталды. Симпозиум ЮНЕСКОнун Тынч океан жана Азия боюнча регионалдык, ошондой эле Борбор Азиядагы кеңселеринин демилгеси менен өткөрүлүп, ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Орусиянын билим берүү тармак өкүлдөрү катышууда. Жыйындагы башкы маселе –жогорку окуу жайын аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн иш менен камсыз болушу жана ага жараша кандай адистиктер боюнча жогорку билим берүү зарылдыгын аныктоо. Симпозиумда Борбор Азия университеттеринин ассоциациясын түзүү жана жогорку билим берүүнүн эларалык стандартына өтүү маселесин талкууланууда. Үч күнгө созулчу жыйын соңунда Борбор Азия университеттер ассоциациясынын президенттигине Кыргызстандын Бенилюкс жана Франция өлкөлөрүндөгү элчиси Чынгыз Айтматов шайланат деген маалымат бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG