Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:44

ЕККУ элчиси Бишкекте


БИШКЕК. 9-июнда Кыргызстанга Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу уюмунун демократия, адам укуктары бюросунун директору Кристиан Штрохаль келди. Ал ушул эле күнү Бишкекте Борборшайлоокомдун башчысы Сулайман Иманбаев, тышкы иштер министринин биринчи орунбасары Жээнбек Кулубаев менен жолугушту. Кристиан Штрохаль дүйшөмбүдө бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен да жолугушуп, өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышы, демократиянын абалы жөнүндө пикир алмашты. Жолугушууга катышкан укук коргоочу Турсунбек Акундун маалыматына караганда, ЕККУ өкүлү Аксы окуясы, ага күнөөлүүлөр жазаланбагандыгы, пикет аркылуу пикирин билдирүүгө аракет жасагандарга бийликтин кысымы тууралуу маалымат алды. Кечке жуук Кристиан Штрохаль Кыргызстандагы айрым саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушту. ЕККУ өкүлүнүн сапары шейшембиде соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG