Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

«МОЯ СТОЛИЦА» ГЕЗИТ РЕДАКТОРУНУН АВТОУНААСЫ ӨРТТӨЛДҮ


Дүйшөмбүдө «Моя» столица гезитинин редактору Александр Кимге таандык «Тойота» үлгүсүндөгү «Жип» жеңил автомашина өрттөлгөндүгү тууралуу маалымат тарады. Муну автоунаанын ээси атайын жасалган саясий кысым жана коркутуу деп болжоду. Ал эми тартип коргоо кызматы мындай билдирүү жасоо эртелик кылаарын, иш иликтөөгө алынганын билдирди.

Учурда «Моя столица» газетасына карата соттук териштирүүлөр соңуна чыга элек. Александр Кимдин билдиришинче, соңку жылы баштапкы сот инстанцияларына гезитке жарыяланган макалаларга байланыштуу 32 доо арыз жолдонуп, алардын басымдуу бөлүгүн сот карап бүттү. Сот чечимдерине ылайык азыр гезиттин мойнуна 4 млн сомдун тегерегинде айып салынууда. Алардын 1,5 млн сому боюнча чечим күчүнө кирип, ага байланыштуу гезиттин мүлкү сот аткаруучу тарабынан камакка алынган. Гезит аталган каражатты төлөп берүү тууралуу демилге көтөрө элек. Ал тууралуу Александр Ким мындай дейт:

- Биринчиден, биздин мынчалык акчабыз жок. Экинчиден, түшүнүп турабыз: максат кандайдыр бир акыйкаттыкты табуу эмес, гезитти жабуу болчу. Бул жагынан бардык сот чечимдери өз максатына жетти.

Анын айтымында, гезитке чабуул жасап жаткандар - өлкөдө стабилдүү эмес жагдайды түзүүнү каалаган бийликтеги айрым адамдар:

- Андайлардын аты-жөнүн маселен, Сорос, атай алат. Ал Акаев менен маектешкен учурунда андайлардын аттарын түз атаган. Эгер биз аттарын атасак сотко беришет.

«Моя столица» гезитине жазылган макалаларга байланыштуу кызматтык аброй, ар намыска шек келди деген негиздеме менен сотко доо-арыз жолдогондордун катарында ички иштер министрлиги өңдүү мамлекеттик органдар бар. Мындан тышкары премьер-министр Николай Танаев эки доо арыз менен кайрылып, сотто жеңишке жеткен. Мындай жагдайлардын баарын эске алган гезит расмий бийлик «Моя столицага» карата тынымсыз кысым көрсөтүп жатат, деген көз карашты сап кармап келатат. Гезит редактору Александр Кимдин машинасынын күйүп кетишине байланыштуу болгон акыркы окуя да атайын жасалган иш катары бааланууда.

- Акыркы кезде мага көрсөтүлүп жаткан кысымдардан улам мен бул фактыны атайын жасалган саясий шантаж, кысым, коркутуу катары баалайм.

Кимдин айтымында, ал автоунаасын жекшемби күндөрү гана шаар сыртындагы бак-шагына барарда минет. Адатта, ал Октябрь районунун карамагындагы кайтаруудагы машина коюлуучу жайда турат. Машинасынын күйүп кеткенин Ким акыркы жекшембиде барганда көргөн. Ошондуктан, аптанын кайсы күнү куйүп кеткендиги тууралуу билбейт. Ички иштер министрлигинин Октябрь райондук бөлүмү да ал боюнча так маалымат берген жок. Дегеле тартип коргоо кызматы бул маселеге байланыштуу азырынча өз божомолун ачыктай элек. Бирок, Кимдин окуяга саясий боёк сүртүп жатышын жактабайт. Ички иштер министрлигинин мындай көз карашын маалымат кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкулов мындайча билдирди:

- Мындай иште ар кандай версиялар боло берет эмеспи. Экспертиза ошонун бирөөнү гана айтат. Ошону күтүш керек. Ага чейин жөн эле кандайдыр бир саясий түс бериштин, менимче, эч кандай кажети жок. Болуп өткөң кырсык катары караш керек. Машинесин өрттөгөн ким экенин бизге айтса, Ким мырза тергөөгө чоң жардам берген болот.

Автоунаанын ээси болсо өз машинесинин өрттөлүшүн гезит ишмердүүлүгүнө тикелей байланыштырууда.

- Машинанын сырты гана күйгөнү көрүнүп турат,- дейт Александр Ким. - Тышы керектен чыккан. Ошондуктан, мен улуттук коопсуздук кызматына жана ички иштер министрлигине бул фактыны атайын жасалган саясий шантаж, коркутуу экендигин билдирдим. Мен келерки кадам мага карата күч колдонууга байланыштуу аракеттер болорун да жокко чыгарбайм. Өлкөдө саясий жагдайдын ушундай кылмыштык ыкма менен чечилип жатканына өкүнөм.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG