Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:05

ЖОГОРКУ СОТ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ АЛГАЧКЫ ТАЛКУУДАН ӨТТҮ


2003-жылдын 2-февралында өткөн референдумда Арбитраждык сот Жогорку сотко бириктирилип, бирдиктүү сот түзүлгөн. Өлкөнүн Башмыйзамына антип жазылып калганы менен, аталган соттун ишин жөнгө салып, жетектөөчү мыйзам азыркыга чейин кабыл алына элек. 9-июнда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасынын Сот, укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча комитетинде «Жогорку жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү мыйзамдын» долбоору талкууга алынды. Депутаттар ушул апта ичинде аталган мыйзамды талкуулап, кабыл алууну болжошууда.

2003-жылдын 2-февралында өткөн референдумда Арбитраждык сот системасын Жогорку сотко бириктирип, бир сот системасын түзүү чечими кабыл алынган. Арадан беш айдан ашуун убакыт өттү. Ошондон бери Жогорку соттун жана мурдагы Арбитраждык соттун карамагындагы иштер каралбай, өлкө боюнча жогорку инстанциядагы соттун акыркы акыйкат чечим чыгаруу милдети аткарылбай келди.

20-мартта Президенттик администрациянын жетекчиси №45-буйрукка кол койгон. Ага ылайык Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун ишин Конституциянын жаңы редакциясына туура келтирүү боюнча жаңы мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу иши Жогорку соттун өзүнө тапшырылган.

9-июнда Мыйзам чыгаруу палатасынын Сот, укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча комитетинде мыйзамдын долбоору талкууланды. Жогорку соттун төрайымы Нэля Бейшеналиева соттордун дарегине айтылып келаткан сын-пикирлерди эске алуу менен мындан 1,5-2 жыл мурда эле Жогорку сот жөнүндө долбоорду даярдай баштаганбыз, 2-февралда өткөн референдум долбоордун даярдалышын тездетип, сапатын жакшыртууга түрткү берди деди:

- Долбоор 1,5-2 жылдан бери даярдалып келатат. Ал сот системасындагы проблемаларды чечүүгө багытталды. Барыңыздар жакшы билесиздер, Дүйнөлүк банктын отчетунда кыргыз сотторуна элдин 80% ишенбейт деп айтылган. Биз бул мыйзам аркылуу сот иштерин жүргүзүүнү да, ошондой эле, сот системасынын структурасын да өзгөртүүнү максат кылдык. Ага ылайык соттор элге жакын болуп, калыс жана ачык иштемекчи.

Мыйзамга ылайык мындан ары Жогорку сот үч сот коллегиясынан турмакчы жана аларды Жогорку соттун төрайымынын үч орун басары башкарат. Ошондо Жогорку сот экономикалык маселелер боюнча, кылмыш иштери боюнча жана граждандык иштер боюнча үч коллегиядан турат жана алар кабыл алган чечимдер акыркы чечим болуп эсептелет.

Мындан тышкары Жогорку сотто өтө маанилүү делген маселелерди, мисалы, облустук соттордун өлүм жазасына, терроризмге жана өтө ири суммадагы жеп-ичүүлөргө байланыштуу чыгарган чечимдерин карай турган президиуму болот. Жогорку сот жазып, президенттик администрация Жогорку Кеңешке сунуш кылган мыйзам долбоорунда президиум беш кишиден турсун деп айтылган. Бирок комитетте талкуулоо учурунда депутаттар Ишенбай Кадырбеков менен Азимбек Бекназаров сот системасындагы коррупцияны азайтып, соттордун калыс иштөөсүн камсыз кылуу максатында президиумду 9 кишиден турсун жана алар Жогорку сотто иштемекчи болуп жаткан 35 судьянын эсебинен жыл сайын ротацияланып, алмашып турсун деген сунушту киргизишти.

Президенттин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Чолпонкул Арабаевдин айтымында, мыйзам Жогорку соттордун адистешип иштөөсүнө да жол ачмакчы:

- Конституциянын жаңы редакциясында мыйзамда белгиленген шартта адистешкен соттор түзүлөт деп айтылган. Дүйнөлүк практиканы алсак , көптөгөн мамлекеттерде адистешкен соттор иштеп келатышат. Өзгөчө экономикалык маселелер боюнча, патент, салыктарды өзүнчө бир судья, мисалы, үй-бүлө маселесин башка бир судья карайт. Кыргызстанда арбитраждык сот мурда өзүнчө сот болчу, азыр ал Жогорку соттун курамында болот, бирок, адистешип иштөөсүн улантат.

Конституция жаңыланып жазылгандан бери иштей албай калган Жогорку соттун абалын жеңилдетүүнү ойлогон депутаттар мыйзам долбоорун ушул апта ичинде талкуулап, кабыл алууну белгилеп жатышат.

XS
SM
MD
LG