Линктер

logo-print
жума, 02-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:56

Жекшемби күнү Польшанын президенти Александр Квасьневский эки күндүк референдумдун натыйжасына маанайы жаркырап турган колдоочуларына “Өлкөнүн Европага кошулуу тилеги аткарылды” деп жарыялады. Борборшайлоокомдун алдын ала маалыматы боюнча, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 76 проценти Евробиримдикке өтүүнү жакташкан. Референдумдун биринчи күнү шайлоочулардын 18 проценти гана добуш бергендиктен, өлкө жетекчилиги менен байкоочулар саясый өнөктүктүн жыйынтыгы кандай болот деп чочулап жатышкан.

Польшанын президенти Александр Квасьневский шайлоонун жыйынтыгын уккандан кийин, президенттик аянтта топтолгон көңүлү шат мекендештерине мындай жарыя жасады:

- Поляктар Европа Биримдигине кирүүнү өтө демократиялуу ыкма менен “Ооба” деп референдумда колдошту. Биз европалыктардын үлкөн үй-бүлөсүнө кайра кошулуудабыз деп шаңдуу айта алабыз.

Андан соң Квасьневский ийиндеш турган жары Иолантаны жүзүнөн сүйүп, “Польшанын 1 миң жылдык тарыхы өлкөнүн Европа менен бир топто болуусун” шарттай турганын эске салды.

Евробиримдиктин аткаруу органы-Еврокомиссия Польшадагы шайлоону “тарыхтын бурулуш учуру” катары баалады. “Залкар жана сыймыктуу эл трагедиялуу кылымдын барагын жапты жана өзүнө эзелтен таандык орунду ээледи” деп айтылат Еврокомиссиянын куттуктоосунда.

Борборшайлоокомдун алдын ала маалыматына караганда, добуш берүүгө 29 миллион шайлоочунун 56 проценти катышкан. Алардын 82 проценти өлкөнүн Евробиримдикке өтүүсүн жактап, ал эми 18 проценти каршы чыккан.
Референдумдун биринчи күнү шайлоочулардын бештен биринен азы добуш бергендиктен, жекшемби күнү да шайлоо сермаанай өтөт деген коркунуч күчтүү болгон.

Евробиримдикке кошулууга негизинен католик динзарлары менен фермерлер каршы. Диниятчылар өлкө дарбазасын Европага кенен ачса, элдик үрп-адаттар унутулат деп кооптонсо, фермерлер 2 миллион дыйкан чарбалары атаандаштыкка чыдабай бүлүнүп жок болот деп чочушат.

Өлкө жетекчилиги Польшанын биримдикке кошулуусу 40 жылдык коммунисттик башкаруунун сазынан чыга албай жаткан экономиканы модернизациялоону ылдамдатат жана Европадагы тарыхый бөлүнүүнү токтотот деген үмүттө.

38 миллион калктуу Польша Евробиримдикке мүчө болуп өткөнү жаткан 10 өлкөнүн эң чоңу. Польша калкынын саны боюнча Улуу Британия, Германия, Франция жана Италиядан кийинки орунда турат. Ошон үчүн Польша элинин санына ылайык биримдикте Испаниядай эле добушка ээ болот.
Бирок, Польша экономикалык кубаты боюнча Батыш Европа өлкөлөрүнөн алда канча артта. Жан башына алганда, поляктардын кирешеси Евробиримдиктин жарандарынын орточо кирешесинин 42 процентине араң жетет. Ушундан улам Батыш менен Польша ортосундагы экономикалык ажырым жакынкы жылдары жоюларына эч ким деле ишенбейт.

Ишемби-жекшемби күндөрү өткөрүлгөн референдумга калктын талап кылынган 50 проценти катышпаса, маселени Польшанын парламенти оң чечмек. Андай болгондо, арийне, Польша менен Евробримдикке көп оңтойсуздук жаратылмак. Эгерде маселе парламентке коюлса, фермерлер менен католиктердин айрым бөлүгү ачык нааразы болушу ыктымал эле.

Президент Александр Квасьневский өздөрүн эми европалыктар менен тең укуктуу болобуз деген кубанычы көкүрөгүнө батпай президенттик аянтка жыйналган мекендештерине болгон кайрылуусун мындайча аяктады:

- Мырзалар жана айымдар, биз маанилүү баракты жаптык. Биз эртең эми, Евробиримдикке биригүүнүн соңку айларында, жаңы тарыхый баракты ачабыз.
XS
SM
MD
LG