Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:55

Грузия бийликтери БУУнун кызматкерлерин уурдап кеткендер менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат


Киши уурдагандар менен сүйлөшүү максатында атайын өкүлдөр жөнөтүлдү. Мунун алдында Грузиянын президенти Эдуард Шеварнадзе барымтадагылардын коопсуздугун сактоо үчүн колдон келгендин баары жасаларын билдирген. Белгисиз адамдар БУУнун германиялык эки, даниялык бир аскерий байкоочусун жана алардын грузиялык котормочусун Грузия менен Абхазиянын ортосундагы Кодор капчыгайынан өткөн бейшемби күнү уурдап кетишкен эле. Кечээ алар барымтадагылардын боштондугу үчүн 3 миллон долларга чейин кун сурап жатканы маалымдалган. Улуттар Уюму эч кандай кун төлөбөй турганын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG