Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Израил палестин аймактарындагы жөөт конуштарын буза баштады,палестин өкмөт башчысы согушчан топторду айыптады


Палестин аймактарында мыйзамсыз курулган жөөт конуштарын бузуу талабы "Жол картасы "деп аталган тынчтык планында каралган. Израил армиясы аларды бузууну Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Неве Эрец деген конуштан баштады. Палестинанын өкмөт башчысы Махмуд Аббас жөөттөргө каршы жасалган жаңы чабуулдар үчүн палестин согушчан топторун айыптады. Соңку күндөрдөгү кагылышуулардан беш жөөт жараны жана беш палестиналык мерт болгон эле. М.Аббас бүгүн Рамалладагы басма сөз жыйынында палестин уюмдарын ок атышууну токтотууга ынандыруу аракеттерин улантууну убада кылды, бирок аларга каршы эч убакта күч колдонбой турганын билдирди:

- Биздин позициябыз – кол салууларды айыптоо. Биз ар бир адамдан мындай чабуулдарды токтотууну суранабыз, себеби биз саясий жараянды баштап,сүйлөшүү жүргүзүүнү каалайбыз. Бул - биз Палестинанын мыйзам чыгаруу жыйынында жарыялаган нерсе.

Мунун аралыгында "Хамас" уюму Махмуд Аббас менен сүйлөшпөй турганын кайра кайталады. АКШ президентинин өтүнүчү менен Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони Жакынкы Чыгышка келүүдө. Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон менен болуучу жолугушуусунда ал Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянына байланышкан маселелерди талкуулайт. С.Берлускони палестин лидери Ясир Арафат менен жолугуудан баш тарткандыктан, аны менен палестин премьери Махмуд Аббас да кездешпей турган болду.

XS
SM
MD
LG