Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:00

БАЛДАРДЫН ЭНУРЕЗ ООРУСУ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Балдардын энурез оорусу көп кездешүүчү илдеттердин бири. Энурез же балдардын заарасынын, айрыкча түнкү заарасынын токтобогон учурлары ар бир куракта кездешет. Көп учурда, зааранын токтобогонун ата- энелер убактылуу гана көрүнүш катары кабылдап, ал адат балдардын чоңойушу менен өзүнөн-өзү калат деп эсептешет. Бирок дарыгерлер энурез олуттуу проблема экенин, ал жалаң эле баланы тарбиялоо менен айыгып кетпесин жана илдетти дарылоо үчүн ата-энеден да, баланын өзүнөн да сабырдуулук, чыдамкайлык менен жоопкерчилик талап кылынаарын айтышат.

Энурез деген эмне?
Энурез деп эс-акылы бар тили чыккан баланын күндүз шымына же түнкүсүн төшөгүнө заара кылып койгонун айтышат. Энурез оорусунун бар же жок экенин бала 4-5 жаш куракка жеткен соң гана аныктоо мүмкүн. Ага чейин баланын заарасынын токтобогонун норма деп эсептөө керек.
Алгачкы айларда ымыркай баланын аң сезими заара кылуу процессин башкара албагандыктан, заарасы өтө көп чыгат. Бир жашка жакындаганда баланын табарсыгынын жетилүү процесси бир топ арымдап, баланын заара кылганы сейректей баштайт. Бул убакта анын энеси баланын заара кылганына көңүл буруп, анын заара кылуу механизминдеги оош-кыйыштарды өз учурунда билүү үчүн байкоо жүргүзгөнү оң. Эгерде бир жашка жакындаган баланын кичи заара кылганы ымыркай кезиндегиден айырмаланбаса, эне дарыгерге кайрылышы керек. Биринчи кезекте, невропатолог дарыгерге, андан соң нефролог же урологго, керек болгон учурда , психологго кайрылганы оң.

Үч жашка жакындаган баланын табарсыгынын жана анын функциясынын жетилүү процесси негизинен аяктайт. Бирок бул куракта да бала күндүз 7-8 жолудан заара кылып, түнкүсүн төшөгүнө заара кылып койушу ыктымал. Бирок андай түнкүсүн уктап калып, заара кылып койгон учурлар сейректебесе, баланын энурез оорусунан жабыркап жатканын божомолдоо мүмкүн.

Энурездин себеби эмнеде?
Оорунун себептери көп. Бирок иликтөөлөр негизинен ооруга генетикалык жана тукум куучулук факторлор себеп болоорун айгинелөөдө. Эгерде бир нече муун илгери жашаган туугандары энурез оорусунан жабыркаган болсо, ал илдет балада, айрыкча, эркек балада кайталанышы ажеп эмес. Эненин кош бойлуу учуру оор болуп, кайсы бир илдеттен жабыркаган учурда дагы бала энурезге туш болушу ыктымал.

Энурездин ар кандай түрлөрү кездешет. Анын эң кеңири тараган түрүн: нейрогендик табарсык деп аташат. Бул ооруга чалдыккан учурда бала кезек-кезек заара кылып, заара кылгысы келе берген сезимден күн бою арыла албайт. Ал эми түнкүсүн уктаган таттуу уйкуга баткан кезде заара кылгысы келгенин сезбей, төшөккө "чуркатып" койгон учурлар көп болот. Оорунун бул түрүн уролог дарыгер гана туура дарылай алат.

Энурезге ошондой эле алгачкы жылдарда баланын табарсыгынын жетиле албай калганы себеп болот. Табарсык баланын мээсинин кан менен камсыз кылуу системасындагы мүчүлүштөрдөн улам, жакшы жетилбей калат. Мээни кан менен камсыздоо системасындагы кемчиликтер өз учурунда айгине болуп, дарыланган учурда, оорунун алдын алуу мүмкүн.

Энурездин андай түрү менен жабыркаган балдардын бөйрөк жана табарсыгынын функциясы нормалдуу болуп чыгат. Ошон үчүн энурездин бул түрүн дарылоо медиктер үчүн өтө татаал болот. Анткени акыл-эси өнүгүүнүн баштапкы стадиясында турган 3-4 жаштагы баланын башынан өткөргөн ар бир мүнөтүн, ар бир өзгөчө окуяларын эстеп, аны кылдат жана терең анализден өткөрүү керек болот. Андайда баланын өмүрүнүн алгачкы айларында болгон окуяларды да көз алдынан өткөрүүгө туура келет.

Психологдор энурез оорусунан жабыркаган балдардын ичинен кыймыл аракеттери өтө активдүү, бирок бир нерселерге көңүл койуу дарамети төмөн болгон балдарды өзгөчө бөлүп көрсөтүшөт. Бир караганда, мындай балдардын борбордук нерв системасында мандемдүү көрүнүштөр байкалбайт. Бирок психолог менен баарлашканда баланын бир жерге тынч алып отура албаганы, айлана-чөйрөдө болуп жаткан окуяларга ого эле катуу таасирленип, толкунданганы, бир нерселерге кунт койо албай, кайсалактаганы айгине болот. Баланын ушундай өтө активдүү абалы ал таттуу уйкуга баткан соң да бир нече саат бою сакталып кала берет. Ошон үчүн анын табарсыгы да активдүү бойдон калып, андай бала түндүн биринчи жарымында төшөккө заара кылып койот. Андайда психологго кайрылуу абзел. Баланы психолог гана туура дарылап, анын психологиялык статусун калыбына келтире алат.

Бирок дарыгерге кайрылган ата-эне баланын сакайып кетүүсү үчүн өтө узак убакыт менен сабырдуулук керек болорун эстен чыгарбоолору керек. Эгерде балаңыз энурез болсо анын толук айыгып кетишине кеминде 1-2 жыл керек болот.

Көптөгөн ата-эне баланын психикасына запкы тийгизбөө үчүн анын көңүлүн ооруга бурбоо керек деген пикирде. Бул -жаңылыш көз караш. Ошону менен катар төшөккө сийип койгон баланы урушкан да жарабайт. Балага анын илдетин жеткиликтүү түрдө түшүндүрүп, ал маселени эми бала менен ата-эне жана дарыгер биргелешип чече турганына ишендирген туура. Алды менен баланы тынчтандырыңыз. Анткени эртең менен ойгонгон бала төшөккө кандайча, эмне себептен сийип койгонун түшүнө албай, алгачында коркот, андан кийин уялып, басынат, бул жүрүп отуруп, баланын психикасын жабыркатат. Ошондуктан эгерде сиздин балаңыз энурезден жабыркаса, буга сылык-сыпаа, астейдил этият мамиле кылыңыз. Жакындарынын түшүнүү менен мамиле кылганы баланын сакайып кетишине жардам берет!

Медициналык статистика энурез менен жабыркаган балдардын көбү памперс же заара астарлары менен чоңойгон балдар экенин көрсөтүүдө. Батышта эчактан бери пайдаланылып келе жаткан астарлар азыр Кыргызстанда да кеңири тараган. Заара астарлары, же папмерстер баланын жалаяк түткөрө албаган алгачкы эң ымыркай айларында, жолго чыкканда, мейманчылаган же сейилдеген убакта өтө ыңгайлуу. Бирок бир жаштан өткөн, аң-сезими кыйла өнүккөн баланын шымына заара астарларын такай салып койгон жарабайт. Анткени ага көнүп алган баланын "заара кылуу" сезими өөрчүбөй, бала андай сезимди тааныбай, же этибарга албай, жаман үйрөнүп алат. Айрым учурда бала, айрыкча эркек бала, заараны астарсыз жасаганды билбей калышы ыктымал. Ошон үчүн дарыгерлер баланы отуруп калган учурдан баштап эле горшокко отургузуп, заара кылганды үйрөтүп, ошого көндүрүү керек экенин айтышат. Заара астарлары менен багылган баланы болсо бир жаштан баштап "астардан чыгарган" оң.

Ал эми кыргызда баланы алгачкы айлардан баштап эле тосуп, заара кылганга көндүрүшөт. Баланын кыр аркасына күч келтирбей, тоскон албетте өтө пайдалуу. Асты кургак болгон баланын көңүлү ачык болуп, тынч жүрөт.
XS
SM
MD
LG