Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:20

БИРМАЛЫК ДЕМОКРАТ КАМАКТАН БОШОТУЛУШУ ЫКТЫМАЛ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 10-июнда Улуттар Уюмунун өкүлү Разали Исмаил Мианманын ( мурдагы Бирма) камакта отурган демократ лидери Ауң Сан Су Чи менен жолугушуп, саясатчынын саламаттыгы менен маанайы жакшы экенин билдирди. Андан мурда болсо Мианманын аскердик хунтасынын жетекчилиги менен жолугушкан өкүл Ауң Сан Су Чини камактан бошотууга ишенимдүү үмүт бар экенин билдирген.

Улуттук Демократиялык Лиганын жетекчиси Ауң Сан Су Чи айым менен өкмөттүн конок үйүндө жарым саат бою баарлашкан Разали Исмаил Сан Су Чи айым аман эсен экенин жана 30-майда болгон кол салуудан саясатчы жабыркабаганын билдирди. 30-майда өлкөнү жоон топ тарапкерлери менен кыдырып жүргөн Сан Су Чи айым Мианманын түндүгүнөн өкмөттүн таламын талашып, бамбук чокморлор жана айрылар менен куралданган албууттанган бир топ кишилердин кол салуусуна дуушар болгон эле. Расмий билдирүүдө бандиттердин чабуулунан Улуттук Демократиялык Лига менен Сан Су Чинин тарапкерлеринен 4 киши курман болуп, 50 дөйү жаракат алгандыгы маалымдалган. Ошондой эле өкмөт кандуу тополоңдун жоопкерчилигин Сан Су Чиге жүктөп, гезиттерде аны каралаган материалдарды таратты.

Ал эми демократтар болсо кандуу кагылышта Сан Су Чинин 70тен ашык тарапкери курман болгондугун жана андай кандуу калабанын шылтоосу менен өкмөт демократ лидерди биротоло соттоп, жок кылууну көздөп жаткандыгын айтып жатышат.

Кандуу калабадан кийин Саң Су Чи дайынсыз жок болуп кеткен. Анын тагдырына тынчсызданган Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан өлкөгө Разали Исмаил деген өкүлүн жөнөткөн. Өткөн жума күнү келген өкүл бийлик башындагы генералдарга Ауң Сан Су Чи менен жолугуштуруу жана аны камактан бошотуу талабын койгон. Мианмага жөнөп жатып жасаган билдирүүсүндө ал мындай деген:

- Өкмөт Ауң Сан Су Чи менен жолугушканга уруксат берүүгө тийиш. Өкмөт өзү жөнүндө ойлосо аны менен көрүштүрөт.

Муну менен өкүл расмий Рангунга каршы катуу чара көрүлө тургандыгын каңкуулаган болчу. Кайраттуу демократтын тагдырына тынчсызданган АКШнын мамдепартаменти болсо Мианманын бир топ өкмөт башчыларына АКШга кирүү визасын берүүгө тыйуу салганын жарыялады. Бирок эң катуу кысмак Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрү тарабынан жасалууда. Демейде Мианманын ички ишине кийлигишүүдөн баш тарткан Тайланд, Филиппиндер, Сингапур жана башка өлкөлөр генералдардан Сан Су Чини бошотууну талап кылышты. Келерки жумада регион өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин Комбоджада өтө турган жыйынында алар Мианманы кайрадан кысмакка алмакчы болуп жатышат.

Сан Су Чи бирмалыктардын эгемендиги үчүн күрөшкөн атактуу генерал Ауң Сандын кызы. Атасы киши колдуу болуп өлгөн чакта Сан Су Чи эки жашта эле. Анын энеси Хин Чи эгемен болгон Бирмада ар кандай жооптуу кызматтарда, ошондой эле Бирманын Индиядагы элчиси болуп иштеген. Чет өлкөдө чоңойгон Сан Су Чи болсо Оксфорд университетинде философия жана экономика адистиктери боюнча билим алган. Андан кийин АКШда жашап, Улуттар Уюмунда соопчулук кызматтарда эмгектенген. Бирок ал мекенинин тагдырына ар дайым кызыгып, эгемен өлкөнүн демократиялык жолго түшүшүн эңсеп келген. 1988-жылы Бирмага кайтып келген Сан Суучи уюштуруучулук жана жетекчилик жөндөмү менен көрүнүп, бат эле Улуттук Демократиялык Лиганын жол башчыларынын бири болуп калган. Ал көптөгөн карапайым бирмалыктарды адам укуктарын кепилдеген, эркин экономикага негизделген коом жөнүндөгү идеяларга ишендире алган. 1990-жылы өлкөнүн аскердик хунтасы Су Чини үй камагына отургузган. Ошол эле маалда хунта өлкөдө эркин жана адилет шайлоо өткөрүүгө убада берген. Су Чинин камакта отурганына карабастан 91-жылкы шайлоодо Улуттук Демократиялык Лига добуштардын 80 процентин алып, жеңишке ээ болгон.

Бирок Хунта шайлоонун жыйынтыгын мыйзамсыз деп жарыялап, Су Чини тышкы дүйнөдөн караманча бөлүп салган. Ага чет өлкөдө жашаган өмүрлүк жары жана эки уулу менен жолугушканга бир да жолу уруксат берилген эмес. Жылдар бою Сан Су Чи тышкы дүйнө менен кыска толкундарды кармаган радио аркылуу байланышып келген. 1995-жылы Нобель сыйлыгына татыган саясатчы өзүнө сыйлык берилгендигин радио аркылуу уккан.

Былтыр май айында кезектеги үй камактан бошотулган Ауң Сан Су Чи бийлик башында турган аскердик хунтага бир топ коркунуч жаратып калды. Өлкө калкын этностук принцип боюнча бөлүп-жарып башкарган аскердик өкмөт өлкөнү кыдырып, эл арасында өзү жетектеген партиянын максатын түшүндүрүп жүргөн Сан Су Чи элдин башын бириктип, калкты күч менен бийлик кылып келаткан аскердик өкмөткө каршы бурат деп кооптонууда.
XS
SM
MD
LG