Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:01

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНДАРДЫ КЫРГЫЗСТАНГА ЧЫГАРЫП САЛУУНУН СЕБЕБИН КАЗАКСТАН АЙТА ЭЛЕК


Өткөн аптанын этегинде Алматыдан Кант шаарына күч менен жеткирилген жарандарга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын жана Өзбекстандын Тышкы иштер министрликтерине нота жолдоду. Шаршембиде миграция маселесин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Бишкек жолугушуусунда талкуулаары күтүлөт. Казакстандын бийлиги ишембиде өз чек арасынан коңшу мамлекеттердин 500дөн ашык жарандарын депортациялаган.

Казакстанга барган эмгек мигранттары маал-маалы менен «өлкөнүн ички мыйзамдарын бузду» деген негиздеме менен чек арадан сыртка чыгарылып турат. Бул адатта чектеш жайгашкан Кыргызстандын чек арасы аркылуу ишке ашат жана иш-чаралар эмгек мигранттарынын кыймылы көбөйгөн жай мезгилине туура келет. Акыркы ирет өткөн жуманын түнүндө Алматы шаарынын ички иштер кызматы тарабынан кыргызстандык, тажикстандык жана өзбекстандык 140ка жакын киши Кант шаарына күч менен жеткирилди. Казакстандын айрым маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Алматы шаардык ички иштер башкармалыгы ички коопсуздукту сактоо иретинде ушундай кадамдарга барууда.

Кыргызстанда болсо бул маселе эл аралык нормаларды бузуу көрүнүшү катары чечмелене баштады. Тышкы иштер министрлигинин миграция департаментинин башчысынын орун басары Булат Сарыгулов мындай дейт:

- Жалгыз айып коюучу жагдай: бардык эл аралык укуктук нормалар боюнча кандайдыр-бир иш-чараны, төтөн ушундай иш-чараны ишке ашырууда, алар жок дегенде Алматыдагы биздин консулдук кызматка билдириши керек. Негизи, алдын-ала эскертиши керек болчу.

Ушундай пикирди камтыган нотаны Тышкы иштер министрлиги ишембиде Казакстандын Тышкы иштер министрлигине, жагдайды түшүндүрүүсүн өтүнгөн катын премьер-министр Николай Танаев казак өкмөтүнө жолдогон. Бирок, өткөн үч күндөн бери эч кандай жооп боло элек. Бул арада Алматыдан Кыргызстандын аймагына күч менен чыгарылып салынган мигранттардын ичинен тажикстандык атуулдар дароо өз мекенине кайтарылды. Ал эми өзбекстандык 29 атуулду алып кетүүгө Өзбекстан тарап өтө илең-салаң мамиле жасап атат. Кыргызстан ал арада чет элдик атуулдарга өз эсебинен камкордук көрүүсүн улантууда:

- Чындап келгенде биз дагы ички мыйзамдарга ылайык аларды камап койсок болмок. Бирок, биз гумандуулук кылдык, - дейт Булат Сарыгулов.

Акыркы маалыматка караганда, миграция маселесин 11-июнда Казакстандын тышкы иштер министри Касымжоомарт Токаев менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов Бишкекте жолугушуп, талкуулаары күтүлүүдө. Эки өлкө ортосундагы соодагерчиликте, өнөр жайда жана курулушта иштеген мигранттарга байланышкан макулдашуунун долбоору боюнча азыр тараптар бир пикирге келише элек. Азыр кыргыз-казак атуулдары визасыз тартипке ылайык ич ара катташат. Ал эрежелерге ылайык атуулдар беш күн ичинде тигил же бул өлкөдө жашоого байланыштуу 90 күнгө уруксат алышы керек. Бирок, мындай тартип эмгек мигранттары үчүн ыңгайсыз. Анын үстүнө Казакстандын жергиликтүү бийлик органдары, эмгек мигранттары сыяктуу эле, визасыз каттоо эрежелерин одоно бузуп жатышат. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Адахан Мадумаров мындай пикирин билдирди:

- Мен казактардын мындай жолго баргандыгын айыптай албайм. Себеби, алар мамлекетинин коопсуздугу үчүн күрөшүп атышат. «Ошол келишим эмне үчүн иштебей калды?» дегенде, биринчи кезекте келишимде бир топ жагдайлар каралган. Биздин атуулдар Казакстанда убактылуу иштеп атышкан болсо, алар сөзсүз түрдө каттоодон өтүшү керек. Анан урду-сокту болуп эле «ал жерде биз иштейбиз» деп барып, анан тигилер «силер тартипти бузупсуңар» деп чыгарып жиберген болсо, күнөөнү биринчи кезекте кыргыздын жарандарына койгум келет. Бул багытта иш жүргүзбөгөн кыргыз өкмөтүнө доомат койгубуз келет.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG