Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Расмий катталбаган диний уюмдун Базаркоргон районундагы мүчөлөрү соттолушту


ЖАЛАЛАБАД. Бүгүн Базаркоргон райондук соту ага-ини Якубжан менен Акмеджан Халдаровдорго өкүм чыгарды. Жабык сотко катышкан укук коргоочу Азимжан Аскаровдун айтымында, алар Кылмыш-Жаза кодексинин 299-беренесине ылайык коюлган айыпты моюндарына алышкан жок. «Март айында элди ислам мыйзамы менен шайланбаган акимдерге баш ийбөөгө жана ислам мамлекетин курууга чакырган жана АКШнын Иракка кол салуусун айыптаган баракчаларды тараткан» деген кине менен кармалган Якубжан Халдаровго күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө алты жыл, Ахмеджан Халдаров жалпы тартиптеги түрмөдө үч жыл отурууга жаза берилди. Өткөн жумада Жалалабад шаардык соту Базаркоргон районунун 20 жаштагы тургуну Тахирдин Ишембаевди ушундай эле айып менен 2 жылдык түрмөгө кескен. Азыр райондун тергөө абагында бул партиянын дагы 5 мүчөсү олтурат.

XS
SM
MD
LG