Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

Өкмөт президенттин убадасын аткарууга каражат бөлдү


БИШКЕК. Президент Аскар Акаевдин президенттик шайлоо алдында берген убадаларын аткарыш үчүн быйыл өкмөт бюджеттен 19 млн. 750 миң сом бөлүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Николай Танаев кечээки селектордук жыйында билдирди. Анын маалыматына караганда, аталган сумманын 5 млн. 900 миң сому түштүк тараптагы мектептердин, ооруканалардын курулушуна, 2 млн. 700 миң сому түндүктѳгү мектептердин курулушуна жумшалат. Мындан тышкары, жыйында жер үлүшүн берүү боюнча президенттин 15-январдагы жардыгынын аткарылышы каралды. Анда айтылган маалымат боюнча, жер үлүшүн алуу тизмесине киргизилген 11 миң 180 үй-бүлөгѳ 131 гектар жер берилген. Бирок, жер алууга укуктуу дагы 11 миң 470 жаран кезекте турат. Андан тышкары, дагы 3,5 миң үй-бүлө жер алууга арыз беришкен.

XS
SM
MD
LG