Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

Кыргыз-кытай жарандарынын өз ара катташуусун тейлеген жаңы мыйзам күчүнө кирет


БИШКЕК. 14-июндан тартып Кыргызстандын менен Кытайдын ортосунда кол коюлган «Жарандардын өз ара каттамдары жөнүндөгү» макулдашуу күчүнө кирет. Буга байланыштуу кыргыз жарандары Кытайга, кытай жарандары Кыргызстанга виза аркылуу гана каттай алышат. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгынын төрагасынын орун басары Эрик Бейшембиев билдирди. Андан алынган маалымат боюнча, Кыргызстандын жана Кытайдын өкмөттөрү бул келишимге 2002-жылы 24-июнда президент Аскар Акаевдин Кытайга иш сапарынын учурунда кол коюшкан. Кытай элчилигинин басма сөз катчысы Ли Хуанын маалыматы боюнча, кызматтык жана дипломатиялык паспорттору бар кыргыз жарандары гана Кытайга визасыз кире алышат. Кытайда өнөгөсүз өпкө дартынын жайылышына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы 12-майда жабылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG