Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

БУШ: ИРАКТЫН КУРАЛЫ ТАБЫЛАТ


Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Ирактын курал-жарак программасы болгондугун кайрадан ырастады. Эртеби-кечпи, мунун далилдери сөзсүз табылат, деп айтты Буш. Андан бир күн мурда америкалык администрациянын жогорку даражалуу өкүлдөрү да соңку кездери Ак үйдүн атына арбын айтылып жаткан айыптарды четке кагышкан эле. Администрациянын оппоненттери Ирактагы согуштун зарылдыгына коомчулукту ишендирүү максатында Ак үй чалгындоо маалыматтарын атайылап бурмалап салган деп эсептейт.

Ирактагы согуш бүткөндөн бери эки айдын жүзү болуп баратат, бирок аскерий операцияга башкы себепчи болгон массалык кыргын куралдары дале табыла элек. Мунун айынан Кошмо Штаттардын кадыр-баркына катуу кадик түшүшү мүмкүн, деп эскертти конгресстин жогорку палатасынын аскерий иштер боюнча комитетинин мүчөсү, демократ-сенатор Карл Левин. Бирок президент Буш ирак элин Саддам Хусейндин кандуу чеңгелинен бошотуу үчүн Кошмо Штаттары айныксыз туура жана адилет иш кылганын тарых өзү тастыктай тургандыгына ишенерин билдирди. Ирактын курал-жарак программасы болгондугун президент Буш азыр деле бөркүндөй көрөт. Мунун таныктары эртедир-кечтир сөзсүз табылат, болгону биртке сабыр кылып,күтө туруу керек, деп айтты Буш.

Президенттин бул сөзүн комментариялап, сенатор Левин эмнегедир бул саам Буш массалык кыргын куралдарын оозанбагандыгын, тек гана каруу-жарак программасы жөнүндө айтканынын айтылап белгилеп көрсөттү.

Деген менен администрациянын жогорку даражалуу бардык өкүлдөрү, алардын ичинде биринчи кезекте Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд Ирактын массалык кыргын куралдары, атүгүл Саддам Хусейндин өзү да табылат деген ишенимден кайта элек. Рамсфелд чалгындоо маалыматтары бурмаланган болуу керек деген күдүң-күпүр сөздөрдү да четке какты. Чалгындоо мекемелердин баары өз ара алгоолошуп иш кылышат, алардын, арийне, айрымачылыктары да бар, деп белгиледи Рамсфелд. Бирок аларды саясатташып кеткен деген кептерди Пентагондун башчысы болбогон сөз деп эсептейт.

Иракка каршы аскери күч колдонуу максатында Ак үй чалгындоо органдарынын такталбаган маалыматтарын пайдаланган деген кинелерди мамлекеттик катчы Колин Пауэлл да акылга сыйбаган айыптоо деп атады. ЦРУнун баш кеңсесинде түнү-күнү отуруп, алардын баарын өзү тактап-таптиштеп чыкканын айтып, Пауэлл Ирактын массалык кыргын куралдары жөнүндөгү маалыматтар соңку он жыл ичинде аныкталган фактылар экенин, 5-февралда ООНдун коопсуздук кеңешинде танык катары келтирген аргументтердин талашсыздыгына азыр да айныбай ишенерин ырастады. Мамлекеттик катчы мындан тышкары Ирактан мобилдүү контейнерлер табылганын, алардын баары биологиялык курал жасоочу лаборатория болгонун кошумчалады.

Вашингтондун чечимине ылайык,жакынкы күндөрдө Иракка 1300дөй эксперт жөнөтүлөт. Аларга Саддамдын катып салган куралдарын кандай болсо тапканга тапшырма берилди. Ошону менен бирге Ирактын колго түшкөн мурдагы аскери жана бийлик өкүлдөрүнөн Вашингтон маанилүү маалыматтарды алганга үмүт кылууда. Айтмакчы, ”Ал-Каиданын” туткунга алынган жогорку даражалуу эки жетекчиси – Абу Зубейда жана Халид Шейх Мохаммед тергөө учурунда Саддам Хусейн менен бин Ладендин уюму ортосунда эч кандай алака-байланыш болбогондугун айтышкан. Бул тууралуу кабарлап, “Нью-Йорк таймс” гезити бин Ладен ирак диктаторуна көз каранды болууну каалабагындыгын ырастаган Абу Зубейданын сөзүн келтирет. Ал эми германиялык “Шпигель” журналында ООНдун мурдагы инспектору Питер Франк Вашингтон бийликтерин Иракта массалык кыргын салуучу куралдар болгонун далилдегени каратып туруп эле калп айтып жатышат деп күнөөлөдү. Атап айтканда, мамлекеттик катчы Пауэлл бир нече автоконтейнердин сүрөтүн көрсөтүп, аларды “мобилдүү биолаборатория” деп атады. А чындыгында ал жерде эч кандай автолаборатория болгон эмес, болгону өрт өчүрүүчү машиналар гана болгон, деп ырастады Франк. Франк эл аралык инспекторлор командасында Иракта иштеп, согуш башталар алдында Багдаддан кеткен эле.

XS
SM
MD
LG