Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

БРИТАН ӨКМӨТҮНҮН ЕВРОГО КАРАТА САЯСАТЫ ОҢ ЖАКТАН ДА, СОЛ ЖАКТАН ДА СЫНГА КАБЫЛДЫ


Британ өкмөтү Европа Биримдиги үчүн орток акча бирдиги болгон еврого өтүү маселесин кийинкиге калтырууда. Каржы министри Гордон Браундун айтымында, Британия евро акча бирдигине өтүү үчүн азырынча даяр эмес.

Британ каржы министри Гордон Браун дүйшөмбү күнү парламенттин Өкүлдөр үйүндө чыгып сүйлөп, азыркы тапта өлкө евро акча бирдигине өтүү үчүн жетишээрлик камылга көрө электигин билдирди. Анын сөзүнө караганда, Британиянын каржы системасы сыноодон өткөрүлдү, бирок инвестициялар жана жумуш орундары маселелери кылдат иликтениши керек, бул жаатта Британия менен евро мейкиндигиндеги өлкөлөрдүн талаптары бири-бирине дал келеби, алар өз ара жуурулушуу үчүн жетишээрлик ийкемдүүбү, министрдин оюнча, бул суроолор дагы да терең иликтөөнү талап кылат.

Браундун бул сөзү өкмөт башчы Тони Блэрдин купулуна толбошу мүмкүн. Анткени, Браундан айырмаланып, Блэр евро мейкиндигине кошулууга ырааттуу үндөп келет. Бирок премьердикине таптакыр кайчы болгон пикирге ооп кетпегенин таасын билдирүү үчүн, Браун мырза буларды да кошумчалады:

- Биз келээрки жылдын бүжөтүн түзүүдө бул маселеде кандайча жылыш бар экенин баяндайбыз. Ошондо биз канчалык жылыш болгонун карап чыгып, ага негизденүү менен, андан аркы беш сынакты жүргүзүү үчүн каржылык жаатын иликтейбиз. Эгерде бул сынактар оң натыйжа берсе, анда биз референдумга, британ элинин алдына бул суроону кабыргасынан койууга мүмкүндүк алабыз.

Министр Браундун сөзүнө караганда, Британия евро мейкиндигине кирүү үчүн ылайыктуу мезгилди тандап алууга тийиш. Эгерде өлкө туура учурда еврого кирсе, анда анын бир далай пайдасын көрөт. Маселен, жакынкы 30 жыл ичинде эле евро аймагындагы өз ара соода 50 пайызга чейин өсүшү мүмкүн. Бирок Британия евро мейкиндигиндеги өлкөлөргө бир катар талаптарды да коюуга ынтызар. Маселен, Лондондун оюнча, соода тарифин төмөндөтүү аркылуу Кошмо Штаттар менен транс-атлантикалык экономикалык кызматташтыкты чыңдоо абзел.

Браундун еврого карата олку-солку мамилесин еврого кирүүгө караманча-каршы турган тарап - оппозициядагы консерваторлор партиясы сынга алды. Оппозициянын көлөкөдөгү өкмөтүнүн каржы министри Майкл Ховард:

- Премьер Блэр бир нукта, Браун болсо – башка нукта, ал эми мезгил өктөмү – үчүнчү бир нукта бара жатат. Жаңжал, жеңилдикке баруу жана чаташкандык аларды адаштырып салды. Эгерде бул өкмөт жарыбаган натыйжага гана жетсе, ага таң калуунун деле кажети жок.

Ховарддын бул сөзүнө каяша кылып, Браун мырза евронун келечеги мыкты экенин тастыктоого аракеттенди. Ал эми “Файненшл таймс” гезити шаршембиде жарыялаган редакциялык макалада Тони Блэрдин өкмөтү еврону сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө жактоосу керек деген сын айтылат. “Уолл стрит жорнел Юореп” басылмасынын серепчиси Тереза Рафаел болсо Блэрдин өкмөтүндөгү ич ара келишпестик бул айым динозаврга теңеген эскичил Тори партиясынын гана чырагына май тамызаарын эскертет. Башка басылмалар Британия өзүнүн экономикалык олуттуу шериги болгон Кошмо Штаттарга да бул маселеде кылчактап жатканын белгилешти. Айтор, Британия өкмөтүнүн евро акча бирдигине карата олку-солку мамилеси кыйла мезгилге созулчу талаш-тартыштарга жем болуп кала бере тургандай.

XS
SM
MD
LG