Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Бирмада оппозиция лидери жакында боштондукка чыгышы мүмкүн


Бириккен Улуттардын элчиси Разали Исмаил Сан Суу Ки айым менен түрмөдө жолугушту. Суу Ки 30-майда Бирманын түндүгүнө барганда башталган кагылышууларга байланыштуу, бир нече жардамчысы менен кошо камакка алынган эле.
Разали Суу Кинин абалы тууралуу буларды билдирди:

- Жакшы, анын абалы жакшы, эрки майтарылган эмес. Ал - абдан эрктүү адам.

Бирманын согуштук хунтасы Разалиге "Суу Ки жакында эркиндик алат" деп билдиришкен, бирок оппозиция лидери качан бошотулаарын айтышкан эмес. Суу Ки акыркы 14 жылдын көбүн үй камагында өткөрдү.

XS
SM
MD
LG