Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Тажикстанда журналисттерди өлтүрдү деп шектелген эки кишинин үстүнөн сот иши башталды


Актам Тохиров жана Назирбек Даулатов 1995-жылы, ички согуштун мезгилинде эки журналистти - орусиялык ОРТ сыналгысынын кабарчысы Виктор Никулинди жана ББС радиосунун кабарчысы Мухиддин Олимпурду өлтүргөн деп айыпталууда.
Жогорку соттун төрагасынын орун басары Махмадали Ватанов айыпталгандарга башка кинелер да, анын ичинде террористтик чабуул боюнча айыптар коюлуп жаткандыгын билдирди.
Тажикстанда беш жылдык согушта жана андан кийинки элдешүү мезгилинде 47 журналист өлтүрүлдү, бирок кылмышкерлердин басымдуу көпчүлүгү тийиштүү жазасын алган жок.

XS
SM
MD
LG