Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

АКШ колдогон ирактык уюмдун башчысы АКШны Иракта бийликти дароо Ирак элине өткөрүп берүүгө чакырды


Саддам Хусейнге оппозицияда болгон Ирактын Улуттук конгрессинин жетекчиси Ахмед Чалаби Нью-Йоркто жайгашкан Тышкы байланыштар кеңешинде чыгып сүйлөдү.

- Мамлекет жетекчилерин фабрикада жасап чыгаруу мүмкүн эмес. Алар саясий дебаттар аркылуу суурулуп чыгат. Ирактын жетекчилери Ирактын өз ичинен чыгышы үчүн, эң жакшысы - саясий процессти кечиктирбей жолго коюш керек, - деди Чалаби.

Анын аралыгында, Багдадагы курал кампасына граната менен кол салуудан бир америкалык аскер өлүп, дагы бири оор жараат алды. Жүк ташыгыч машина менен келген эки кол салуучу америкалык аскер кароолуна граната ыргытышып, карматпай качып кетишти.

XS
SM
MD
LG