Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:00

Израиль армиясынын чабуулунан Газа тилкесинде беш палестиналык ажал таап, 30тан ашыгы жараат алды


Палестиналык булактарга ылайык, Израилдин тикучмалары алгач Газа шаарында бараткан автомашинаны аткылап, машинада отурган "Хамас" тобунун жетекчилеринин бири Абдел Азиз Рантиси жараат алды.
Рантиси "Хамас" уюму өч алат деп эскертти. Ал эми палестиналык жаңы өкмөт башчысы Махмуд Аббас израилдик кол салууну "террористтик" чабуул деп мүнөздөдү:

- Биринчиден, биз бул чабуулду оор кылмыш жана террористтик операция деп эсептейбиз. Анткени ал бейкүнөө адамдарды бутага алды. Эки киши набыт болду, 27ден ашык киши жараат алды.

АКШнын президенти Жорж Буш да израилдик чабуулга нааразылык билдирди. Акүйдүн маалымат катчысы Ари Флайшер анын Израилдин коопсуздугун бекемдөөгө огожо боло албай тургандыгын белгилеп, жаңы тынчтык планын ишке ашырууга кедерги болоорун билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG