Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:53

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТА ЖАГДАЙ КУРЧУДУ


Жакынкы Чыгыштагы жагдай кайрадан кыйчалыштады. Израил акыркы күндөрү Газа тилкесинде бир нече ирет ракеталык жапырык жасап, бери дегенде сегиздей адам набыт кетти, кырктан ашуун киши жарадар болду. Израил армиясынын акциясына президент Буш, ООНдун баш катчысы Аннан катуу камтамачылыгын билдиришти. “Жол картасы” планына теңтарапташ болушкан айрым саясий борборлор, атап айтканда, Москва регионго өзүнүн өкүлүн жөнөтүүдө. Радикалдуу палестин уюмдары жөөт армиясынын операцияларына жооп иретинде өч алуу акцияларын өткөрө тургандыгын билдиришти.

Израил армиясынын согуш вертолеттору адегенде “Хамас” уюмун жетектеген лидерлердин бири Абдел Азиз ал-Рантиссинин артынан сая түшүштү. Ракеталардын бири кымкуут түшкөн кан жолдо зымырап бараткан машинага тийип, үч кишини мерт кылды, ал-Рантисси жеңил жарадар болду. Мунун соңунан Израилдин аскер авиациясы менен танктары Бейт-Ханун жана Жабалия шаарларын туташтырган аңгире жолду аткылашты. Ошол эле күнү дагы эки палестин экстремистин атып салышты.

“Хамас” уюму бул акцияларды согуш жарыялоо актысы катары баалап,Палестинанын улуттук администрациясынан Израиль менен бардык алака-байланышын үзүп,”жол картасы” планынан баш тартууну талап кылды. Буга катарлаш палестин экстремисттери израилдиктердин Седерот шаарын ракетадан аткылашты.

Бул окуялар эл аралык коомчулукту, айрыкча “жол картасы” планын иштеп чыккандарды олуттуу камтамага салды. ООНдун баш катчысы Кофи Аннан бир топ тоңбий апазда эки тарапты тең айыптады. Аннан, атап айтканда, израилдиктер менен палестиналыктар акыры жоопкерчиликти өздөрүнө алып, эки жолдун бирин – же “жол картасын”, а болбосо тыйылгыс зобун-зомбулукту тандап алууга тийиш деп билдирди. Аннан АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен жолугуп, ”жол картасына” тарапкер болгон “төртиликтин” мындан аркы иш-аракеттерин талкуулаганы жатат. Россия болсо регионго өзүнүн атайын чабарманын жөнөтүүдө.

Израилдин акцияларын президент Буш да айыптады. Бу чабуулдар мени кыжаалат кылды,деп айтты Буш. Израилдин операциялары палестин бийликтеринин тынчтык демилгелерин ойрондоп,процесске катышкан бардык тараптардын иш-аракетин кыйындатышы мүмкүн. Акырында мындай аракеттер Израилдин коопсуздугуна да көмөктөшөрү күмөн. Бирок Буш Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессин кайра жандантуу үчүн жаңыдан жасалып жаткан кадамдарды үзгүлтүккө учуратканга жол бербей тургандыгын да эскертти. Эки тараптын жетекчилиги, Буштун сөздөрүнө ылайык, бул иште жоопкерчиликтүү болууга тийиш. Ансыз региондо тынчтыкка жетүү мүмкүн эмес.

Буштун тапшырмасына ылайык, президенттин коопсуздук иштери боюнча кеңешчиси Кондализа Райс жана мамлекеттик катчынын жардамчысы Уильям Бернс Вашингтондун камтамачылыгын Израилдин премьери Ариэл Шаронго билдиришти. Буга жооп кылып, жөөт кабинет башчысы ошол эле күнү атайын билдирүү жасады. Израил, деп айтты Шарон,террорго жетекчилик кылып, аны каржылап жана колдоп жаткандарга каршы күрөштү улантат.

Израилдин операцияларын палестин кабинетинин башчысы Махмуд Аббас да кескин айыптап,аны саботаж жана террордук акция деп атады. Ошону менен бирге Аббас “Израилдин акылсыз аракеттерине карабастан “жол картасы” планын жүзөгө ашырууга жетишүү үчүн палестинадагы бардык топтор менен консультацияларды уланта тургандыгын ырастады. Израил палестин өкмөтүн, ошондой эле палестин топторунун ортосундагы жолугушуулардын бардык натыйжаларын ойрон кылууну көздөп жатат, деп билдирди “Хамас” лидерлеринин бири Махмуд ал-Захар. Хамасчылар, Ассошейтед пресстин маалыматтары боюнча, өч алуу акцияларын өткөргөнгө камынып жатышат. Муну биз жөн калтырбайбыз, Израил бу кылмышы үчүн аеосуз жазаланат, деп айтты ошол эле ал-Захар.
XS
SM
MD
LG