Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:53

БАТКЕН ОКУЯСЫ КАЙТАЛАНБАЙТ, БИРОК «ХИЗБУТ-ТАХРИР» КОРКУНУЧУ КҮЧ


11-июнда Улуттук коопсуздук кызматында өткөн маалымат жыйынында өлкөдөгү диний экстремизмге жана баңгибизнеске каршы күрөш тууралуу сөз болду. Маалымат жыйынынан алынган кабарга караганда, Кыргызстанга Ооганстандан дале болсо коркунуч келип атат, бирок 1999-2000-жылдардагы Баткендегидей окуя кайталанат деп айтууга негиз жок. Ошондой болсо да тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» партиясы Кыргызстандын коопсуздугуна жана мамлекеттик түзүлүшүнө көбүрөөк коркунуч келтирүүдө.

Жыл башынан бери Кыргызстанда 27 килограмм апийим, 40 килограмм героин кармалган. Бул республиканын аймагы аркылуу өткөн баңгизаттардын 1% гана түзөт. Улуттук коопсуздук кызматынын баңгибизнеске каршы күрөш бөлүмүнүн башчысы Мухтарбек Мадыбаевдин айтымында, баңгизаттарды пайдалануучулардын саны Кыргызстанда Орусияга же Европа өлкөлөрүнө салыштырганда аз болгону менен, Кыргызстан баңгизаттарды өткөрүүчү мамлекет бойдон калууда.

- Эл аралык практика көрсөткөндөй, биздин өлкөнүн аймагы аркылуу өткөн баңгизаттардын 1% гана кармалат экен. Бирок 3-4-июнда Ереванда өткөн КМШ мамлекеттеринин коопсуздук кызматтарынын жыйынында Ооганстандын баңгизаттары көбүнчө Өзбекстандын аймагы аркылуу Орусияга жана Европага ташылып кетээри айтылды. Кыязы, кылмыштуу топтор өздөрүнө ыңгайлуу жолду тандашкан окшойт, - Мухтарбек Мадыбаев.

Ереванда өткөн жыйында КМШ мамлекеттеринин коопсуздук кызматтарынын башчылары баңгизаттарга каршы биргелешип күрөшүүнүн жолдорун, «Кармалган баңгизаттардын үлгүсүн алмашуу тууралуу» келишимдин долбоорун талкуулашкан. Мухтарбек Мадыбаевдин айтымында, Кыргызстанда баңгизаттардын кайсы жерде өсүп же жасалганын аныктап, соңку бүтүм чыгарып бере турган заманбап лабораториялар жок, андыктан аларды Москвага жөнөтүп, текшеришет.

Маалымат жыйынында айтылганга караганда, Кыргызстанга дале болсо «Аль-Каида», Өзбекстан ислам кыймылы сыяктуу эл аралык топтор жана талибдер коркунуч келтирүүдө.

- Реалдуу коркунуч бар. Ереванда өткөн жыйында чек ара аймактарындагы абал тууралуу оперативдүү маалымат алмашып турууну макулдаштык. Бирок 1999-2000-жылдардагы окуялар кайталанат дей албайбыз. Себеби, чек аралар бекемделип, жакшы кайтарыла баштаганынан тышкары, андай окуяларды уюштурууга жөндөмдүү күчтөргө катуу сокку урулду, - деди Мухтарбек Мадыбаев.

Маалымат жыйынынын экинчи бөлүгү Кыргызстандагы диний экстремизмге каршы күрөшкө арналып, ал тууралуу маалыматты журналисттерге Улуттук коопсуздук кызматынын диний экстремизмге каршы күрөш бөлүмүнүн башчысы Бегижан Ахмедов берди. Анын айтымында, Кыргызстандын коопсуздугуна жана мамлекеттик түзүлүшүнө тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» партиясы коркунуч келтирүүдө.

- Партия өз ишмердүүлүгүн күчөттү. Жыл башынан бери Нарын, Талас жана Ысыккөл облустарынын айрым райондорун эске албаганда, республика боюнча бул партия төрт ирет баракчаларды таратты. Ал баракчалар 2-февралдагы референдумга, Нооруз майрамына, Конституциянын жаңы редакциясына жана Ирактагы согушка арналды. Баракчалар көрсөткөндөй, аталган партия диний эмес, саясий максаттагы партия болуп эсептелет, - деди Бегижан Ахмедов.

Партия өз катарына ислам дини тууралуу билими тайкы жаштарды тартып, алардын мээсин «Хизбут-Тахрирдин» халифат куруу жөнүндөгү идеясына сугарып, андан кийин мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүүгө киришет. Бирок журналисттердин «партия өзүнүн 50 жылдык тарыхында кайсы бир мамлекетте халифат курду беле же террордук актыларды жасады беле?» деген суроосуна Улуттук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Бегижан Ахмедов «партия ушундай тактиканы тандап алган, ал эч качан түздөн түз террордук актыларды жасоого катышпайт, бирок акырындап көздөгөн максатына умтула берет» деп жооп берди.

Бегижан Ахмедовдун айтымында, Кыргызстанда партиянын алгачкы бөлүмдөрү 1997-98-жылдары түзүлө баштаган жана 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларынын кийин катуу активдешкен. Кыргызстандын аймагында азыр 2000 чамалаш «хизбутчулар» бар. Алардан мүчөлөрүнө карата бардыгы 200дөй кылмыш иши козголуп, быйыл 30дай мүчөсү кармалган.

Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү «партиянын айрым мүчөлөрүнүн үйүнөн курал-жарак, жардыруучу заттардын табыла баштаганы чындыгында эле бул партиянын коркунучтуулугун айтып турат» деди. Бегижан Ахмедов Египет, Иордания сыяктуу бир катар мамлекеттерде партияга мүчө болуп кирген адам дароо террорчу деп саналаарын, ал эми коңшу Өзбекстан менен Тажикстанда бул партиянын мүчөлөрү узак мөөнөткө түрмөгө салынаарын, бирок Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинде «хизбутчуларды» жазалоо боюнча атайын берене жоктугун белгиледи. «Бул өксөктү толтуруу боюнча иштер башталды», дейт Улуттук коопсуздук кызматынын диний экстремизмге каршы күрөш бөлүмүнүн башчысы Бегижан Ахмедов.
XS
SM
MD
LG