Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Тегеранда мамлекеттик университеттерди менчиктештирүүгө каршы демонстрация болду


Бүгүн эртең менен Тегеран университетинин алдында бир нече миң адам катышкан демонстрация болду.
Иран өкмөтүнүн айрым университеттерди менчиктештирүү планына наарызылык билдирген адамдарды полиция желим ок атып жана желим таяктар менен уруп таркатты.
Коопсуздук министри Али Юнесинин ИСНА жаңылыктар агенттигине айтышынча, тыш өлкөлөрдөгү экстремисттер күш-күштөп уюштурулган демонстрациянын 80 катышуучусу камакка алынган.
Маалымат булактарынын кабарлашынча, кээ бир демонстранттар Мохаммад Хатамини президенттиктен кетүүгө чакырышкан.
Алар 1997-жылдан бери бийликте отурган Хатамини өлкөнү реформалоону өтө жай жүргүзүүдө деп эсептешет.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Амирбек Азам уулу, Прага

XS
SM
MD
LG