Кошмо Штаттардын Коргоо министри Доналд Рамсфелд массалык кыргын салчу куралдардын, балакеттүү өлкөлөрдүн жана терроризмдин коркунучуна каршы биригүүгө чакырды.
Рамсфелд үндөөнү Бавариянын Гармиш-Партенкирчен шаарындагы Пентагон каржылаган Эл аралык изилдөөлөр борборунда жасады. Бул Рамсфелдин Ирак согушу башталгандан бери Германияга жасаган биринчи сапары.
Германия согушка башынан каршы чыккан.
Рамсфелд аскерий адамдар жана коргоо министрлигинин жетекчилери алдындагы сөзүндө “көпчүлүк” Европа мамлекеттери Вашингтондун терроризм менен массалык кыргын салчу куралдар бүгүнкү дүйнөгө чоң коркунуч туудурууда деген көз карашын колдошот деди.
Министрдин айтмында, Түндүк Атлантика уюму мындай коркунучту азыр мурдакыга караганда өтө олуттуу деп санайт.