Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Президент Назарбаев премьер-министрдин ордун кимге сунуш кылат?


Казакстандын премьер-министри Имангали Тасмагамбетов жана ал жетектеген кабинет, Жерди менчиктештирүү жөнүндөгү мыйзамдан келип чыккан өкмөт менен парламент ортосундагы келишпестиктен улам отставкага кетти.
Өткөн айда парламенттин төмөнкү палатасы-Мажлис өкмөт сунуш кылган долбоорго олуттуу түзөтүүлөрдү киргизмек болгондо, премьер өкмөткө ишеним көрсөтүү маселесин кырынан койгон. Парламент Тасмагамбетовго ишеним көрсөткөнү менен, тирешүү алиге токтой элек болчу.
Отставканын себебин Тасмагамбетов өзү мындай деп түшүндүрү:

- Маселе Мажилис тарабынан өкмөткө көрсөтүлгөн ишенбөөчүлүктө. Мен аны колдон жасалган жана уюмдаштырылган кутум деп эсептейм. Жаңылыш добуш берүүнү Мажилистин элге белгисиз айрым депуттары эмне себептен уюштурганы эч кандай суроо жаратпаганы түшүнүксүз. Андай болсо, “Жабылуу аяк жабылуусу менен калбасы үчүн”, 19-майда биздин президентке кайрылып, мени кызматтан бошотууну өтүндүм.

Президент Нурсултан Назарбаев жаңы премьер-министрдин ысмын жума күнү атайт. Ага дейре азыркы өкмөт, Конституцияга жараша, өз милдетин аткара берет.

XS
SM
MD
LG