Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Казакстандын Тараз шаарында таластык соодагерлер иштей башташты


ТАЛАС. Бүгүндөн тартып таластык дыйкандар азык-түлүктөрүн Тараз шаарындагы «Тажыбай» базарында сатууга мүмкүнчүлүк алышты. Манас районундагы «Кеңеш» бажы бекетинде дыйкандарга бажы, карантин, страндарт кызматтары тийиштүү документтерди толтуруп беришет. Автотранспорт ээлерине маршруттук барактар берилип, андай транспортко казак тарап тийишпей турган болду. «Тажыбай» базарынын 30% чейинки аянты кыргыздарга берилет жана ал жерде Таластын бир өкүлү иштейт. Эки элдин ортосундагы мындай соода-сатык байланышы Кыргызстандын «Таласресурстар» ишканасы менен Казакстандагы жоопкерчилиги чектелген «Нурмахан» коомунун ортосундагы келишимге ылайык ишке ашууда.

XS
SM
MD
LG