Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Казакстандан чет өлкөлүк жарандарды чыгаруунун себептерин бул өлкөнүн тышкы иштер министри түшүндүрдү


БИШКЕК. Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын жарандарынын Казакстандан депортацияланышы экономика менен гана байланыштуу. Бул тууралуу бүгүн Казакстандын тышкы иштер министри Касымжоомарт Токаев Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги жыйынында билдирди. Анын маалыматына караганда, коңшу мамлекеттерден Казакстанга жашыруун келген мигранттар салыктарды жана башка жыйымдарды төлөбөй, экономикага залал тийгизүүдө, андыктан депортацияны саясат менен байланыштырууга болбойт. Ал Кыргызстан менен Казакстандын мамилесин түбөлүк баалуулуктар бекемдеп тураарын белгиледи. Казакстандын миграция полициясы 7-июнда Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын 140ка жакын жаранын Кыргызстандын аймагына алып келип таштаган болчу.

XS
SM
MD
LG