Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:51

«Моя столица» гезити мындан ары чыкпай турган болду


БИШКЕК. «Моя столица» гезити бүгүндөн тартып биротоло чыкпай турган болду. Бул тууралуу бүгүнкү басма сөз жыйынында гезиттин башкы редактору Александр Ким билдирди. Анын маалыматына караганда, буга редакциянын ар кандай доо арыздардын негизинде салынган 4 млн. сомдон ашык айыппулду төлөп бере албагандыгы башкы себеп болду. Ошондуктан редакциянын кудуретсиз болгондугун аныктоочу атайын өкүл дайындалып, ал редакциянын мүлкүн аныктайт. Ал эми гезит жамааты мурдагыдай эле нукта чыга турган жаңы гезит уюштуруу жагын караштырып жатат, бирок ал качан жана кандай ат менен чыгаары азырынча белгисиз. «Бийлик «Моя столица» гезитин чыгарбай басып салууну көздөгөн максатына жетти. Буга президенттин күйөө баласынын мыйзамсыз иштери тууралуу башка гезиттер батына албаган материалдарды жазганыбыз себеп болду», - деп кошумчалады Александр Ким.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG