Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

УКРАИНАНЫН РОССИЯ ЖАНА БАТЫШ МЕНЕН МАМИЛЕЛЕРИ


2004-жылдын октябр айында Украинада президенттик шайлоо өткөрүлөт. Мамлекет башчылыкка негизги талапкерлердин бири, өлкөнүн мурдагы премьер-министри Виктор Юшенко жакында “Азаттык” радиосунун 50 жылдык мааракесине катышып, кабарчыбыз Асколд Крушелницкийдин айрым суроолоруна жооп берген эле.

Мурдагы премьер Виктор Юшенко ушул тапта парламенттеги эң ири демократиялык блокту жетектейт. Юшенконун “Биздин Украина” партиясы өлкөдөгү демократиялык процессти тереңдетүү жана базар экономикасына өтүү реформаларын ыкчымдатуу ураандары менен өткөн парламенттик шайлоодо эң көп добуш алууга жетишкен.
Коомдук пикирди сурап билүүлөр көрсөткөндөй, көпчүлүк эл аны саясатчылардын арасынан эң чыңчыл деп эсептейт. Эгерде президенттик шайлоо ушул күндөрдө өткөрүлсө, суралгандардын басымдуу бөлүгү өз добуштарын Юшенкого бермек.

Украинанын конституциясына ылайык үчүнчү мөөнөткө ат салыша албаган азыркы президент Леонид Кучма Россия жана Батыш менен мамилелерин тең салмактуу жүргүзүүгө далаалаттанып келет. Юшенко болсо өзүнүн батышчыл туруму менен белгилүү. Бирок саясатчы анын мындай позициясы Украина Россиядан оолактап кетпесе экен деп санааркаган орус тилдүү калкты кооптондураарын да дурус түшүнөт. “Россия менен мамилебиз жакшы болушун каалайбыз, бирок Москва да өз эркин көрсөтүшү керек”, - дейт Юшенко.

- Менин көз-карашым өзгөргөн жок. Украин саясатчылары өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоосу зарыл. Мамлекеттин стратегиялык кызыкчылыктары Россияга байланыштуу болсо, анда аны менен тийиштүү саясий кызматташууну жана алакаларды өнүктүрүп, эки тараптуу баарлашууга негизделген ачык, акыйкат жана так саясат жүргүзүш керек.

Украин саясатчысынын пикиринде, эки өлкө ортосундагы азыркы мамилени терең өнүгүүдө деп баалоо кыйын. Анын айтымында, украин калкынын 50-70 пайызы Россия менен алакаларды туруктуу эмес деп эсептешет. Бир туугандык, достук жөнүндөгү чакырыктарга, көптөгөн жолугушуу, сүйлөшүү, биргелешкен маданий фестивалдар өңдүү иш-чараларга карабай, экономикалык кызматташуу жыл сайын начарлап баратканын байкаса болот. Биз чындап эле бир тууган эл болсок, шерик болсок, анда өз ара проблемаларыбызды чечип, кызматташтыкты күч алдырышыбыз зарыл. “Анткени Батыш - Украина менен Россиянын мамилесинин өз ара урматтоого жана тең укуктуулукка негизделишин каалайт”, - дейт Юшенко.

Бир нече ай мурда “Биздин Украина” блогу Украина-Россия ортосундагы мамилелер жөнүндөгү маселе парламенттик угууларда талкуулансын деген демилге менен чыккан. “Өткөн чактын проблемаларынан аралып, келечек кызматташууга кадам ташташыбыз абзел”, - деген ойдо партиянын жетекчиси.

Киевдеги Мамлекеттүүлүк жана демократия институтунун директору Иван Лозовый Россиянын Украина менен болгон мамилесинде кээде үстөмдүк кылууга, демек, совет доорундагы турумуна ык коюп жатканын белгилейт.

- Демократияга карай кадам жасалбаса, Украина алсыз бойдон кала берет. Экономикалык, саясий жактан алсыз мамлекет орустардын, өзгөчө орус саясатчыларынын терс дымактагы мамилесин жаратат.

Ал эми Батыш менен алакаларын кеңейтүүнү президенттикке талапкер Юшенко биринчи кезекте өлкөнүн Евробиримдикке кирүүсү менен байланыштырат. Ал Украинанын качандыр бир күнү Евробиримдикке талапкер өлкөлөрдүн тизмесине киргизилиши үчүн аракеттенээрин белгилейт.

Эксперт Лозовыйдын ишениминде болсо, Юшенко президент болуп шайланса, өлкөдө демократиялык жараян тездеп, Батыш Европа менен алакалары кайрадан жанданмакчы. “Украин өкмөтү алмашса гана Евробиримдик ага карата өз мамилесин өзгөртөт”, - дейт Лозовый.

Юшенко эгер Батыш украиналыктар адамдын фундаменталдуу укуктарынын бири – шайлоо укугунан толугу менен пайдалансын десе, анда ал өлкө президентин шайлоо мыйзамдуу, эч бурмалоосуз өтүшү үчүн кепил болушу керек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG