Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:47

ЭКОНОМИКАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛЕРИ БИШКЕКТЕ ЧОГУЛУШТУ


11-июнда Бишкекте Экономикалык Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин XII отуруму өттү. Орто, Чыгыш, Түштүк жана Борбор Азия аймактарында жайгашкан он өлкөнүн расмий делегацияларынын катышуусунда өткөн бул отурум уюмдун мурдагы ишин жана келечегин талкуулады.

Экономикалык Кызматташтык Уюму 1985-жылы Иран, Түркия жана Пакистан тарабынан түзүлүп, 1992-жылы ага дароо 7 мамлекет, атап айтканда Ооганстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан мүчө болушкан. Үчилтик уюмдан геостратегиялык маанидеги регионалдык деңгээлге өткөн бул уюмду өлкөлөр жылына кезектешип башкарып турушат. Тышкы иштер министрлер кеңеши уюмдун жогорку аткаруучу жана чечим чыгаруучу органы болуп саналат.

11-июндагы Бишкек отурумунда уюмду башкарууну Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовго өткөрүп берди. Кеңештин мүчөлөрүн адегенде президент Аскар Акаев куттуктады. Ал өз сөзүндө регионалдык уюмга мүчө болгон мамлекеттердин региондун экономикасын өнүктүрүү жаатындагы чоң потенциалын белгилеп, коопсуздук жана стабилдүүлүк региондогу башкы фактор экенин баса көрсөттү. Ошондой эле ал Ооганстанга жардам берүү боюнча Стамбул саммитинде көтөрүлгөн маселенин каралышын Бишкек жолугушуусунда улантууну жактады.

- Азап чеккен Ооганстандын экономикалык кайра жаралуусу биздин уюмдун ишинин башкы багыты болушу керек. Мен Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча 2003-2008-жылдар үчүн бүгүн кабыл алына турган иш планы бир тууган Ооганстанга чогуу-чаран жардам берүүнүн механизми катары кызмат кылат деген үмүтүм бар, - деди президент.

Отурумда Ооганстанды калыбына келтирүү маселесине айрыкча басым жасалды. Кыргызстандын тышкы иштер министри, уюмдун жаңы төрагасы Аскар Айтматовдун айтканына караганда, ЭКУга мүчө болгон мамлекеттердин ичинен Кыргызстан Ооганстанга курулуш материалдары, ар кыл адистер жагынан жардам берүүгө даяр. ЭКУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин Бишкек отуруму мындан тышкары соода, транспорт, коммуникация, энергетика, өнөр жай, экология жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү маселелерин талкуулашты. Казакстандын тышкы иштер министри Касымжоомарт Токаевдин пикиринде, ЭКУ бул отурумда транспорт байланышына жогору маани берди.

- Эгер уюмга мүчө болгон мамлекеттердин ортосунда транспорт байланыштары иштеп кетсе, экономикалык долбоорлор да ишке кирет, - деди К. Токаев. - Бул багытта бардык он өлкөгө эсептелген, өтө масштабдуу долбоорго басым жасап кереги жок. Ал мүмкүн эмес. Анткени, мамлекеттер өнүгүшү жагынан ар кыл. Ошондуктан, кызыккан тараптар эки-үч мамлекетти камтыган, иштөөгө жөндөмдүү долбоорлорду сунуш кылышы керек.

Уюмдун кезектеги отуруму экономикалык кызматташтыктын мындан аркы багыттарын аныктаган «Бишкек коммюникесин» кабыл алды. Отурумга Тажикстандын, Казакстандын жана Ирандын делегацияларын тышкы иштер министрлери, Түркиянын делегациясын вице-премьер-министр, Пакистандыкын темир жол байланыш министри жетектеп келди. Катышуучулардын сөздөрүнө караганда, Бишкек отуруму өз максатына жетти. Уюмдун мурдагы баш катчысы, Ирандын элчиси Можтаба Арастоу ЭКУнун ийгиликтерине жана мүмкүнчүлүктөрүнө жогору баа берди.

- Азыр ЭКУнун эл аралык аброю баа жеткис. Биз - эл аралык уюмдар менен өз ара түшүнүшүү тууралуу 25 меморандумга кол койгон, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы жыл сайын резолюция кабыл алган жалгыз уюмбуз, - деди Можтаба Арастоу.

Жаңы баш катчылыкка Казакстандын өкүлү Бекжасар Нарбаев дайындалды. Ал эми ЭКУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги отуруму Дүйшөмбү шаарында келерки жылы өтмөк болду.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG