Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

Парижде Тони Блэр менен Жак Ширак кездешишти


Британиянын премьер-министри Тони Блэр Франциянын президенти Жак Ширак менен жолугушуп, келээрки аптада Грекияда өтө турган Европа Биримдигинин саммиттин күн тартибин талкуулады. Эки лидер Британия активдүү катышып, Франция каршы чыккан Ирактагы согуштан бери алгачкы ирет көзмө-көз кездешүүдө. Париждеги сүйлөшүүлөрдө айрыкча Салоникадагы саммитте карала турган Евробиримдиктин болочок Конституциясы кеңири сөз болууда. 2009-жылы күчүнө кире турган ал Конституцияда Европа Биримдигинин президентин шайлоо, бирикменин аткаруу органы болгон Европа Комиссиясына бардык мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүн киргизүү каралган.

XS
SM
MD
LG