Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Иерусалимде жардырылган автобуста 16 адам мерт болду


Палестин жанкечтисинин бомба жардыруусунан андан тышкары 70тен ашуун адам жарадар болду. Окуядан бир саат өтпөй, Израил аскерлери Газа секторуна абадан сокку уруп, "Хамас" уюмунун 2 мүчөсү бараткан машинени бутага алганда чабуулдан жети адам курман болду, ага удаа дагы бир ракета атылып, эки палестиндин өмүрүн алып кетти. Палестиндердин "Хамас" уюму Иерусалимдеги жардыруу шейшембиде жөөт армиясы "Хамастын" жетекчисине абадан чабуул койгонуна жооп иретинде жүзөгө ашырылганын билдирди. Палестинанын жетекчилери Ясир Арафат менен Махмуд Аббас калкка кайрылып, бөөдө кан төгүүнү токтотууга үндөштү. Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон жөөт өкмөтү өз жарандарын коргоого бар күчүн жумшайт деп белгиледи. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Раанан Гиссин билдирди:

- Эгерде палестин администрациясы террорчулукка каршы алгылыктуу аракеттер жасабаса, кырдаал дагы кандай болуп кетээри белгисиз. Биз бардык мамлекеттер жана өкмөттөр сыяктуу эле өз элибизди коргош үчүн тийиштүү чара көрөбүз.

АКШ президенти Жорж Буш Иерусалимдеги терактты айыптап, бардык өлкөлөрдү террорчулардын каражат булактарын кысууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG