Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:13

ПАРЛАМЕНТ ЖОГОРКУ СОТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ СОТТОР ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН КАРАЙ БАШТАДЫ


12-июнда Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттору жөнүндөгү» мыйзам долбоорун карай баштады. Кароонун алгачкы күнүндө эле депутаттар 41 беренеден турган мыйзамдын 15ке жуук беренесин кабыл алышты.

Быйыл 2-февралда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы боюнча Жогорку Сот менен Арбитраждык Сот бириктирилип, бирдиктүү Жогорку Сот түзүлүшү керек. Ушул себептүү, референдумдан кийин бул эки сот биригүү жараянын башынан кечирип, жарандардын, юридикалык тараптардын арызын кароону, башкача айтканда өзүнүн түз милдетин аткарууну токтотуп коюшкан. Ошондуктан Жогорку Соттун ишин кайра улантыш үчүн президент тарабынан жиберилген бул мыйзамды Мыйзам чыгаруу жыйыны бейшемби күнү кезексиз карай баштады. Бул мыйзам долбоору президенттик администрация жана президенттин буйругу менен түзүлгөн соттук-консультативдик комиссия тарабынан жактырылган. Мыйзамдын башкы максаты: сот системасын Конституциянын жаңы редакциясына ылайыктап түзүү жана сот системасын өркүндөтүү.

Мыйзамга ылайык Жогорку Сот 35 судьядан, анын ичинде бир төрага менен анын төрт орун басарынан турат. Жогорку Соттун курамында кылмыш жана административдик, жарандык, экономикалык иштер боюнча үч коллегия, президиум жана пленум болот. Пленум Жогорку Соттун ишин уюштуруу маселесин караса, президиум - облустук деңгээлде чечилип, күчүнө кирген сот өкүмдөрүн көзөмөл иретинде кароого укуктуу. Президиумга соттун төрагасы, соттук коллегиялардын төрагалары жана Жогорку Соттун үч судьясы кирет. Жоюлган арбитраждык соттордун негизинде район аралык соттор түзүлүп, алар экономикалык талаш-тартыштарды карайт. Бейшембидеги талкууда депутаттар Ишенбай Кадырбеков, Исмаил Исаков «сотторду каржылоо дагы эле аткаруу бийлигине баш ийген соттук департамент тарабынан жүргүзүлүшү, соттордун курамы президент тарабынан бекитилиши сот бийлигинин көз каранды бойдон калышына алып келет» деген пикирин билдиришти. Бирок Жогорку Соттун төрайымы Нелля Бейшеналиева депутаттардын пикирлерине карата мындай жүйөсүн айтты:

- Президенттен жана башкалардан көз карандылык жөнүндө айтсам, Конституциянын жаңы редакциясында «Жогорку Сот жумуруяттын бюджетинен каржыланат» деп так белгиленген. Ошондуктан каржылоо маселеси чечилген. Андан тышкары, соттун штаттык бирдиги биздин сунуш менен президент тарабынан бекитилет. Мен бул жерде бизге карата кандайдыр бир басым болоорун байкаган жерим жок.

Ал эми палатанын сот, укук жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Азимбек Бекназаров сотторду толук көз карандысыз кылууга Конституциянын жаңы редакциясы жол бербесин айтып, буларга токтолду:

- Бул мыйзам соттордун көз карандысыздыгын камсыз кыла албайт. Ал мында каралган эмес. Бул жерде Кыргызстандагы соттордун структурасы жөнүндө, облустук, райондук соттор кандай иштей тургандыгы жөнүндө айтылган.

Ал эми депутат Кубатбек Байболовдун бул мыйзам долбооруна карата пикири мындай болду:

- Жаңы системанын негизги идеологиясы - облустук деңгээлдеги сотторду жана Жогорку Сотту бекемдөө. Тилекке каршы, каражаттын жетишсиздигинен улам райондук сотторду бекемдөө аракетибиз ишке ашпай калды. Соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылыш үчүн конституциялык өзгөрүүлөр керек. Ал үчүн сотторду дүйнөлүк практикага ылайык өмүр бою шайлоо зарыл. Же азыркыдай «3-5 жылга» дебей, биринчи шайланганда 5 жылга, андан кийин 15 жылга шайласак, мында да көз карандысыздык пайда болот. Азыркы айлыктарын 5 эсе көбөйтсөк, мында да көз карандысыздык пайда болот.

Депутаттар бул мыйзамды кароону жума күнү улантышат. Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев белгилегендей, эгерде мыйзам долбоорун кабыл алуу бейшембидегидей натыйжалуу, талашсыз жүрсө жума күнү «Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттору жөнүндөгү» мыйзам жума күнү кабыл алынып калат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG