Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:56

Дүйнө жүзү боюнча жылына миллионго жакын киши адам аткезчилигине кабылат


Дүйнө жүзү боюнча жылына миңдеген аялдар жана кыздар сойкуканаларга, миңдеген эркектер ар кандай кара жумуштарга иштөөгө үчүн адам аткезчилигине тартылат. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин жылдык отчетунда маалымдалды. Аталган отчеттун мазмуну менен кечээ күнү АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл тааныштырып, адам аткезчилиги тууралуу мындайча өз пикирин билдирди:

- Эркиндик, демократия ар бир континентке тарап жаткан 21 биринчи кылымда миндеген аялдар, эркектер, балдар, ар кандай кемсинтүүгө дуушар болушуп, кордук көрүп адам аткезчилигине кабылышы аянычтуу жана моралдык жактан кабылдагыс нерсе.

Ошондой эле Колин Пауэлл дүйнө өлкөлөрүн адам аткезчилигине каршы күрөшүүгө чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG