Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:37

Израил бийлиги исламчыл “Хамас” тобуна каршы катуу чараларды көрө тургандыгын жарыялады


Израил бийлиги кечээ күнү Иерусалимдеги террордук жардырууну уюштурган “Хамас” тобуна каршы айосуз согуш жүргүзө тургандыгын жарыялады. Бейшемби күнү израилдик жоокерлер аскерий тик учмалардан Газа өрөөнүндөгү “Хамас” тобунун өкүлдөрү турган жерлерди аткылоого алды. Натыйжада, жети палестиналык жаран каза болуп, 30 адам жарадар болду. Кечээ бир палестиналык жанкечти Иерусалимдеги эл ташыган авто унаанын ичинде өзүн өзү жардырып, 16 адам каза болуп, 100 дөн ашуун киши жарадар болгон. Жардырууну Палестинанын исламчыл “Хамас” тобу мойнуна алды. Бүгүн Израилдин Тышкы иштер министри Сильван Шалом “палестин тарап жөөттөргө каршы террордук чабуулдарды токтотпосо, израил бийлиги Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты калыбына келтирүү боюча сүйлөшүүгө барбайт” деген пикирин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG