Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:56

Жалалабадда жаан-чачындын кесепеттери байкалды


ЖАЛАЛАБАД. Бүгүн облустун экология жана өзгөчө кырдаалдар башкармасы Алабука районундагы Аккоргон жана Балтагулов айыл өкмөттөрүнүн аймагында кечээ бир сааттай убакыт бою жааган мөндүрдөн улам сел жүрүп, андан чарбалардын тарткан зыяны эсептелип жаткандыгын билдирди. Райондо Өзбекстандын Касансай суу сактагычынан 9-июнда кое берилген суу Баймак айылындагы көпүрөнү бузуп кеткен жана эки айылдын үзүлгөн жол катнашын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Аксы районунда жүргөн селден бир үй бузулуу коркунучунда калды. Карасуу дарыясында 8-июнда кыйраган көпүрөдөн унаа каражаты өтө элек. Көпүрөнү оңдоо иштерине экология жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын адистеринен тышкары 5 техника, 20 киши тартылгандыгын Аксы райондук мамлекеттик администрациясы маалымдады.

XS
SM
MD
LG