Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

Кыргызстандагы чоң жаан айрым аймактарга чыгым алып келди


БИШКЕК. Кечээ өлкөнүн Нарын жана Ысыккөл облустарынан башка бардык аймактарында катуу жаан жаап, андан пайда болгон кыян Бишкек шаарында 12, Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүндө 18 турак үйдү каптады. Айрым райондордо болсо айыл аралык жолдорду кыян жууп кетти. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бүгүнкү маалыматына караганда, Бишкек шаарында 2,5 саат ичинде жааган жаандын өлчөмү 11 миллиметрге жетти. Нормага ылайык жаандын өлчөмү 15 миллиметрден ашкан учур өзгөчө жагдай катары саналат. Мындай жагдай республика боюнча Ысыката жана Ноокат райондорунда түзүлүп, эки сааттай убакыт ичинде жааган жаандын өлчөмү 19 ммге жетти. Бирок, катуу жаан жана айрым аймактарга түшкөн мөндүр адам өмүрүнө коркунуч келтирген жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG