Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:52

Инвесторлор Кыргызстандагы реформалардын жүрүшүнө сын пикирде болуп жатышат


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Кыргызстанга түз инвестиция тартуу боюнча конференция өттү. Анда Бириккен Улуттар Уюмунун Индустриалдык өнүктүрүү уюму былтыр октябрь-декабрь айларында жүргүзгөн «Чет элдик түз инвестицияларды комплекстүү талдоо» аттуу изилдөөсүнүн жыйынтыгы жарыяланды. БУУнун талдоочулары өлкөдөгү «Реемстма-Кыргызстан», «Кумтөр оперейтинг компани», «Кока-Кола Бишкек Ботлерс» сыяктуу чет элдик 26 ишкананын өкүлдөрүнүн пикирлерин сурамжылаган. Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, инвесторлор өлкөдөгү реформалардын темпине ыраазы болушкан эмес жана башкы тоскоолдук катары бийликтеги коррупцияны аташкан. Бирок вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, сурамжылоого тартылган 26 ишкананын он тогузу мындан ары Кыргызстандын экономикасына 700 млн. доллар алып келүү ниетин билдирген. Вице-премьер-министрдин билдиргенине караганда, жакында инвестицияларды илгерилетүү боюнча жаңы агенттик түзүлөт. Мурдагы өкмөт башчы Амангелди Муралиев «буга чейин Инвестиция тартуу боюнча катчылык жана Мүлк фондундагы атайын борбор иштегендиктен, бирдиктүү гана бир мекеме түзүү зарыл» деген пикирин «Азаттыкка» билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG