Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

ЭКУга мүчө болгон өлкөлөрдүн өкүлдөрү Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушту


БИШКЕК. Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин Бишкектеги XIII-отурумуна келген Түркиянын, Пакистандын жана Ооганстандын делегация башчыларын бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев жана премьер-министр Николай Танаев кабыл алышты. Ал эми кечээ кечинде ЭКУнун Бишкек отурумуна келген делегацияларды президент Аскар Акаев кабыл алган. Ал өз сөзүндө Евразия транспорт магистралын түзүү максатындагы «Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай» темир жолун куруу боюнча долбоордун ишке ашырылышына Кыргызстан бардык мүмкүнчүлүгүн жумшаарын билдирген. Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму кечээ Бишкекте өтүп, анда регионалдык транспорт каттамдары күн тартибиндеги олуттуу маселе катары талкууланды. Уюмга Чыгыш, Түштүк жана Борбор Азияда жайгашкан 10 мамлекет мүчө.

XS
SM
MD
LG