Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:03

«Жогорку Сот жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү» мыйзам долбоору талкууланууда


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны «Жогорку Сот жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү» мыйзам долбоорун кароого киришти. Долбоор президенттик администрация түзгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгып, соттук кеңеш берүүчү комиссиянын жактыруусуна ээ болгон. Ал боюнча палатада Жогорку Соттун төрайымы Неля Бейшеналиева маалымат берди. Долбоор негизинен Конституциянын жаңы редакциясына ылайык иштелип чыгып, анда тармактын тутуму, иш принциптери аныкталган. Талкуу учурунда айрым депутаттар бул мыйзам долбоору судьялардын көз карандысыздыгын камсыз кылууга кудуретсиз экендигин белгилешти. Палата талкууну жума күнү улайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG