Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

КЫРГЫЗСТАНДЫН ИШКЕРЛЕРИ ҮЧҮН ИЧКИ РЫНОК ТАРДЫК КЫЛУУДА


Сапар Орозбаков, Бишкек 12-июнда “Бишкек бизнес-клубунун” мүчөлөрү “Хаят” мейманканасында “Кыргыз экспортунун стратегиясы” деген ат менен форум өткөрүштү. Форумда тышкы рынокко чыкмайынча Кыргызстандын ишканалары көп киреше табалбастыгы, алар бардык тоскоолдуктарга карабай кошуна өлкөлөрдүн рыногуна кириши керек экендиги айтылды. Экспортко иштеген компаниялар өздөрүнүн тажрыйбасы тууралуу айтып беришти.

Алды менен айта кетчү нерсе – форумдун уюштуруучуларынын айтымында, форумга президент да, премьер-министр да чакырылган. Бирок алар залда көрүнгөн жок. Бул форумдун өзгөчөлүгү - анда адаттагыдай ардактуу президиум болгон жок. Мисалы, өкмөттүн атынан келген вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана айрым министрлер катардагы ишкерлер сыяктуу эле алфавит тартиби менен орун алып отурушту. Форумга Бермет Акаева да катышты, бирок таркатылган тизмеде анын кызмат орду көрсөтүлгөн жок. Форумдун максаты тууралуу аны уюштуруучулардан сураганыбызда:

- Экспорт аркылуу гана өнүгүшүбүз мүмкүн экенин мурда эле түшүнгөнбүз. Ал эми экспортту ким кандай жол менен жүргүзүп жатат? Ошол туурасында ишкерлердин тажрыйбасын, алардын ойлорун ортого салмакчыбыз, - дейт «Кыргызконцепт» компаниясынын директору Эмил Үмөталиев. Бизди биринчи кезекте ишкерлер тандап алган тема кызыктырды. Анткени ишкерлер талкуулай турган маселе көп. Алар сүйлөшө келгенде көбүнчө салыктын оордугу, кредиттин жетишпестиги, бюрократтык тоскоолдуктар жөнүндө айтышат. Ошондуктан: «Эмне үчүн талкууга экспорт маселесин коюп жатасыңар?» - деп, форумдун уюштуруучуларынын дагы бирөөсүнө кайрылдык.

- Анткени бизде 5 млн. эл жашайт. Анын да жарым миллиону Казакстанда, Орусияда, Америкада жүрөт. Калган 4 млн. эл кедей. Алардын акчасы болбогондуктан, биздин товарлар өтпөй жатат. Ошон үчүн биз Казакстандын, Орусиянын рыногуна чыгышыбыз керек. Алардын рыногу абдан чоң. Азыр чыгышыбыз керек. Азыр чыкпасак, аны 5-6 жылдан кийин башкалар - молдовандар, азерилер, украиндер ээлеп алышат. Ошол жакта рынок бар. Ошол жакта акча бар. Биздин компаниялар өсүп, ал рынокко чыгышы зарыл. Башка жол жок, - дейт Марат Тазабеков. Экспорт маселеси биздин ишканалар үчүн маанилүү экенин Жоомарт Оторбаев да белгиледи.

- Биз жылына 5% менен өсүп, өлкөбүздү эч качан өнүктүрө албайбыз. Биз өзүбүзгө дымактуу максаттарды коюшубуз зарыл. Абалдан чыгуунун негизги жолу эле - экспорт. Ансыз биз өзүбүздүн чакан рынокто эч нерсе кылалбайбыз, - деди Жоомарт Оторбаев. Бирок тышкы рынокко чыгыш оңой эмес. Кошуна өлкөлөр өз товар өндүрүүчүлөрүн коргоо максатында биздин компаниялардын жолуна толгон-токой тоскоолдуктарды коюп келет.

- Бизге кошуна өлкөлөр бөлүп салуу режимин түзгөнү бир четинен жакшы болду. Бул биздин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүбүздү күчөттү. Эгерде региондун рыногуна адилет тартип киргизиле турган болсо, биздин фирмалар башка фирмаларды жеңип чыгат, - деди Жоомарт Оторбаев. Ал Казакстан менен Орусия Дүйнөлүк Соода Уюмуна киргенине аз калганын айтып, эгерде алар кирсе, биздин фирмаларга жеңил болоорун белгиледи. Форумдун катышуучуларынын ою боюнча, биздин фирмалар адам интеллектин талап кылган товарларды өндүрүп, тышкы рынокко алып чыгууга жөндөмдүү. Анын мисалы катары «Бешкемпир» киностудиясы фильм тартып, 1 млн. доллар тапканы, Борбор Азиядагы Америка университети 40ка жакын өлкөгө кадр даярдай тургандыгы айтылды. Алардын жетекчилери Актан Абдыкалыков, Камила Шаршекеева, «Бимм-Билль-Данн» компаниясынын директору Владимир Полторак, «Шоро» фирмасынын директору Табылды Эгембердиев жана башкалар өздөрү өндүргөн продукциялар жөнүндө жана аларды тышкы рынокко алып чыгуу тажрыйбасы тууралуу айтып беришти. Мисалы, «Бимм-Билль-Данн» былтыр 25 миң тонна сүт сатып алып, кайра иштетип, экспортко жөнөткөн. Ал эмдиги жылы өзүнүн продукция көлөмүн 65 миң тоннага жеткирүүнү көздөйт. Бул болсо өз кезегинде фермерлердин өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк берет.
XS
SM
MD
LG