Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

УЛУТТУК ОЮНДАР УНУТУЛБАЙТ


Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткени өлкөнүн улуттук спорт түрлөрү боюнча биринчи Спартакиадасы 1997-жылдын 28-октябрынан 1-ноябрына чейин Бишкекте өткөрүлгөн. Мында спорттун 12 түрү боюнча 6 облустун жана Бишкек шаарынын 313 спорт чеберлери катышкан. Жалпы командалык биринчиликти Чүй облусу, 2-орунду Ыссыкөл, 3-орунду Нарын облустары жеңип алышкан. Ал эми II Спартакиада Кыргыз Республикасынын 10 жылдыгына жана Курманбек баатырдын 500 жылдыгына арналып, Жалалабад шаарында 2001-жылы октябрда өткөрүлгөн. Оюндарга спорттун 10 түрү боюнча 7 облустун жана Бишкек шаарынын 287 спортчусу катышкан. Бул жолу жалпы командалык биринчиликти Ош облусу, 2-орунду Нарын, 3-орунду Ыссыкөл облустарынын командалары ээлеген.

Быйылкы III Спартакиада Бишкек шаарынын 125 жылдыгына арналып, спорттун 10 түрү боюнча өткөрүлүп жатат. Буга 7 облустун жана Бишкек шаарынын командалары катышууда. Спартакиаданын салтанаттуу ачылыш аземи Бишкектеги «Аккула» ат майданында 12-июнда түштөн кийин болду. Салтанат атчандардын парады менен башталды. Бишкек шаарынын 125 жылдыгына арналган Спартакиаданы Бишкектин вице-мэри Арстанбек Ногоев ачты. Спартакиаданын ачылышында Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүков эгемендүүлүктүн шарапаты менен улуттук спорт өнүгүп-өсө баштаганын баса белгилеп, мындай деди:

- Жакында эле Жогорку Кеңеш улуттук оюндар боюнча жаңы мыйзам кабыл алды. Бул дагы кылымдардан бери мурас болуп келаткан элдик оюндарыбыздын өсүп-өнүгүшүнө жакшы шарт түзмөкчү.

Майрамдык салтанатты төкмө акындар коштоп турушту. «Аккула» ат майданындагы кыз куумай мелдешинде жалалабаддык Айсулуу Райымова, оштук Наргиза Садырова, көлдүк Ольга Неманина, бишкектик Люда Четманская жана нарындык Таалайкүл Абдывалиева аргымактарын алкынтып, жигиттерге жеткирбей ичин күйгүздү. Нарын облусунун командасын жетектеп келген Имаш Асанов мындай деди:

- Нарындын командасы спорттун 10 түрү боюнча атаандашып жатат. Күлүктөр да, жигиттер да табында. Кимдер жеңишке жетишээрин мелдеш көрсөтөт. Биз дагы мурдакыдай байгелүү орундарга жетсек деп үмүт кылып турабыз.

Оодарыштан алгачкы таймашта чүйлүк жигиттер Нурлан Молдокулов менен Аскат Момункулов ийгиликке жетишти. Көкбөрү боюнча да Спартакиаданын мелдештери курч мүнөздө өтүүдө. Мында чүйлүктөр жалалабаддыктарды 8:0 эсебинде жеңсе, Нарындын командасы Чүй облусунун улакчыларын 4:1 эсебинде утуп алышты. Ордо, тогуз коргоол боюнча да мөрөй талашуулар улантылып жатат. Ордодон бишкектиктер чеберчилигин көрсөтүшүүдө. Тогуз коргоолдон кыздардан көлдүктөр алдыда болсо, жигиттерден бишкектик Касымов айырмаланууда.

Бишкек шаарынын 125 жылдыгына арналган III Спартакиаданын ат оюндары жана финалдык таймаштары 13-14-июнда улантылат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG