Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:11

БИШКЕКТИН МААРАКЕСИ КАНДАЙ ӨТКӨРҮЛӨТ?


Аманбек Дилденбай, Бишкек 14-июнда өтүүчү Бишкек шаарынын 125 жылдык мааракесине карата салтанаттуу майрамга даярдыктар көрүлүүдө. Ал тууралуу Бишкек шаарынын маданият башкармалыгынын төрагасы Малдыбай Кайыпов кабарчыбыз менен ой бөлүшөт.

Түркстан генерал-губернаторунун чечими менен 1878-жылдын май айында Пишпек шаар статусун алып, аймактын борбору катары жарыяланат. Ал эми 1926-жылы Кыргыз Союздук Республикасынын борбору болуп, аскер башчы жана мамлекеттик ишмер Михаил Фрунзенин ысмы берилет. Кыргызстан өз алдынча эгемендүүлүктү алган 1991-жылы мамлекеттин борбору катарында кайрадан Бишкек шаары деп тарыхый аты ыйгарылат.

Учурда Бишкек шаарынын 125 жылдык мааракесине карата маданий-массалык иш-чаралар өтүп, салтанатка даярдыктар көрүлүүдө. Алар тууралуу Бишкек шаарынын маданият башкармалыгынын төрагасы Малдыбай Кайыпов буларга токтолду.

- Мамлекет башчысынын буйругу менен Бишкек шаарынын 125 жылдык мааракесин өткөрүш үчүн жылдын башында Улуттук уюштуруу комитети түзүлгөн. Мына ошол комитеттин атайын түзгөн программасынын алкагында ар түрдүү темадагы маданий-массалык иштерди аткардык. Атап айтсак, жазында шаардагы музыкалык мектептердин кароо-сынагын уюштурдук. Ошондой эле Бишкек шаарынын 125 жылдык мааракесине карата «Коңур үн» аттуу хор жамааттарынын кароо-сынагын жана балдардын кол өнөрчүлүгүн чагылдырган көргөзмөлөрдү өткөрдүк. Студенттер аралык “Алатоо жазы” фестивалы сыяктуу, Бишкектеги 22 жогорку окуу жайларынын ортосунда студенттердин «Бишкек жазы - 125» аттуу фестивалын өткөрдүк. Андан тышкары, шаардагы китепканалар, маданият үйлөрү атайын мааракеге карата ар түрдүү тематикалуу кечелерди өткөрүштү.

- Малдыбай Кайыпович, маданий-массалык иш-чаралардан тышкары сиз жетектеген маданият тармагына мааракеге карата Бишкек шаарынын мэриясы материалдык колдоо көрсөттүбү?

- Кыргызстан өзүнчө мамлекет болгондон бери шаардык мэрия тарабынан маданият тармагына быйылкыдай материалдык жардам көргөзүлгөн эмес. Имараттары кыйроо акыбалына жеткен үч-төрт маданият үйлөрү капиталдык ремонттон өткөрүлүп, материалдык базалары чыңдалды. Эки музыкалык мектеп, борбордук китепкана да кайрадан ремонттолуп, алардын техникалык жабдууларын жаңырттык. Маданият тармагынын шарты оңолгонунанбы, айтор жылдагыга караганда быйыл өздүк-көркөм чыгармачылык ийримдерине катышкандар көбөйдү.

- Бишкек шаарынын 125 жылдык мааракесине карата салтанаттуу майрам качан өтөт жана кандай даярдыктар көрүлүүдө?

- Шаардын мааракесинин шаңы 7-июнда эле башталды десем жаңылбайм. Анткени «Московский комсомолец» гезитинин жамааты менен бирдикте Бишкек шаарынын мэриясы жана маданият башкармалыгы «Спартак» стадионунда Орусиянын белгилүү эстрада ырчылары Валерий Леонтьев, Борис Моисеев, Анита Цой, Витас, Алена Апина сыяктуу артисттердин, «Самоцветы», «Агата Кристи» эстрада ансамблдеринин концертин уюштурушту. Орусиялык өнөрпоздордун бүт чыгымын Москва шаарынын мэриясы көтөрдү. Андан тышкары, «Жаштар аллеясы» сыяктуу архитектуралык комплекстин ачылышы болуп, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулду. 13-июнда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Бишкек шаарынын 125 жылдыгына байланыштуу салтанаттуу чогулуш болот да, андан соң чоң программадагы концертке Москвадан Орусиянын эл артисти Людмила Николаева жана «Орус жан-дүйнөсү» аттуу ансамбль катышат. Ал эми 14-июнда борбордук «Алатоо» аянтында эртең мененки саат 10дон баштап Кыргызстандын эстрада ырчылары, шаардын өздүк-көркөм чыгармачылык жамааттарынын жана Кыргызстан элинин ассамблеясынын концерттери тартууланат. Негизги майрамдык шаан-шөкөт катары «Спартак» стадионунда театрлаштырылган оюн-зоок көргөзүлөт. Ага студенттер, артисттер, бий жамааттары, өздүк-көркөм чыгармачылык ийримдеринин катышуучулары, аскерлер болуп жалпы саны 6 миндей адам катышат.

- Маараке 14-июнь менен эле чектелип калбайбы?

- Бишкек шаарынын 125 жылдык мааракеси жылдын аягына чейин өткөрүлөт. Алдыда дагы көптөгөн маданий иш-чаралар бар. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын өткөрүүдө да негизги жүктү ушул шаардык маданият башкармалыгы аркалайт.

- Эл арасында «жашоо-турмуш начарлап жатса, мындай маарекени өткөрүүнүн кажети жок эле» деген ойлор айтылууда…

- Эл арасында ар түрдүү пикирлер жаралышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мындай майрамды өткөрүш керек. Бишкектин мааракесин өткөрүүдөн шаардыктар да пайда көрүп жатышпайбы. Маселен, эс алуу парктары, автожолдор, айрым имараттар кайрадан оңдотулду. Шаардын көчөлөрүндө электр жарыгы көбөйдү. Бишкек шаарынын мааракесине байланыштуу чет мамлекеттик инвесторлор да жылдагыга салыштырмалуу быйыл көбүрөөк болду. Айта кетүүчү нерсе: бул мааракени өткөрүш үчүн каражатты чогултууда Бишкек шаары жана шаардагы төрт район марафон өткөрүшкөн. Андан тышкары жеке ишкерлер, акчалуу компаниялар, бизнесмендер да акчалай жана башка колдоо көргөзүштү. «Турмуш оор, жашоо кыйын» деп отура берсек биздин көңүлүбүздү ким көтөрөт да, жан-дүйнөбүзгө ким жылуулук берет? Ошондуктан жалпы элдин маанайын көтөрүш үчүн мындай майрамдарды өткөрүш керек.
XS
SM
MD
LG