Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

«КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЖАРАНДАРЫНЫН ӨЗ АРА КАТТАМДАРЫ ЖӨНҮНДӨГҮ» ЭКИ ТАРАПТУУ КЕЛИШИМ ЭРТЕҢДЕН ТАРТЫП КҮЧҮНӨ КИРЕТ


14-июндан тартып «Кыргызстан менен Кытай жарандарынын өз ара катташуусу жөнүндөгү» өкмөт аралык келишим күчүнө кирет. Буга байланыштуу 13-июнда Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгынын жетекчилиги маалымат жыйынын өткөрүп, күчүнө кире турган келишим тууралуу маалымат берди.

Бул макулдашууга Кыргызстан менен Кытайдын өкмөттөрү былтыр 24-июнда Бээжинде кол коюшкан. Ошондон бери ал эки мамлекеттин ички макулдашууларынан өткөрүлүп, 14-июнда тартып күчүнө киргизилмекчи болгон. Бул макулдашуу күчүнө киргенге чейин Кыргызстан менен Кытайдын жарандары 1988-жылы СССР менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде өз ара катташып турушкан. Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгынын башчысы Руслан Казакбаевдин айтымында, жаңы макулдашуу Кыргызстандын жана Кытайдын өкмөттөрүнүн өз ара макулдугу менен түзүлдү. Анын негизги максаты - эки мамлекеттин жарандарынын өз ара катташууларын тартипке салуу болду. Бул макулдашуунун үстүнөн 1996-жылдан бери иш жүрүп келген. Руслан Казакбаев аны түзүү аракети эл аралык терроризм, диний экстремизм азыркыдай күчөй электе башталганын белгиледи.

Жаңы макулдашууга ылайык Кытайга барууну каалаган кыргыз жарандары Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине кайрылып, виза ачтырышы керек. Визанын мөөнөтүнө жараша анын баасы 30 доллардан 90 долларга чейин турат. Виза ачтырыш үчүн Кытай тараптан чакыруу, паспорт, тийиштүү толтурулган анкета керек. Ал эми виза ачтырбастан, Кытайга дипломаттык жана кызматтык паспорттору кыргыз жарандары гана каттай алышат. Кытай жарандары Кыргызстанга келиш үчүн да виза ачтырууга, ал үчүн 30 доллардан 125 долларга чейин акы төлөөгө тийиш. Кыргызстанда үч түрдүү паспорт болсо, Кытайда төрт түрдүү паспорт бар. Алардын ичинен дипломаттык жана кызматтык паспорту бар жарандар Кыргызстанга визасыз кире алышат.

«Жаңы келишимдин күчүнө кириши менен эки мамлекеттин жарандарынын каттамы кыйындап, анын натыйжасында эки тараптуу соода байланышы кыскарбайбы?» деген суроого Руслан Казакбаев минтип жооп берди:

- Менин оюмча виза киргизүү - каттоону кыйындатуу эмес, бул аны тартипке салуу. Бул ишкерлерге тоскоолдук кылбайт деп ойлойм. Анткени биздин ишкерлер мурда да Кытайга барыш үчүн консулдук башкармалыктан кызматтык белги койдуруп алышчу.

Бирок айта кетүүчү нерсе - паспортуна кызматтык белги койдуруш үчүн кыргыз жарандары 100 сомдон ашыгыраак акча төлөш керек болсо, эми виза ачыш үчүн кеминде 30 доллар төлөөгө тийиш.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев бул келишимдин түзүлүшү боюнча бийликтин расмий көз карашынан айырмалуу пикирин айтты.

- Бул макулдашууну түзүү Кыргызстандын демилгеси болгон. Себеби Кытай тараптан уйгур уюмдарынын өкүлдөрү биз жакка келип, ар кандай иштерди жасап жатышат, биз тараптан баргандар да туура эмес иштерди жасашкан. Ошондуктан Кытай тарапка визалык тартипти күчөтүүнү сунуштаганбыз. Андан тышкары, виза болбогондо Кытайдан көп кишилер келип, алардын ким экендигин кээде билбей калып жатабыз, - дейт Муратбек Иманалиев. Анын айтымында, визасыз каттам өзүн актабай калды. Терроризм күчөгөн шартта визалык режим киргизүү максатка ылайык болуп турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG