Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Беларуста оппозициячылар алдына дагы бир тосмо коюлду


Беларус парламенти өлкөнүн нааразылык акциялары, демонстрациялар жөнүндөгү мыйзамын бузган саясий партияларды жабуу тууралуу мыйзам кабыл алды. Өкмөт сунуш кылган мыйзам долбоорду беларус парламентинин жогорку палатасынын мүчөлөрү бир добуштан колдоп беришти. Ага ылайык, уруксатсыз митинг, пикет, демонстрация уюштурган, же уруксат берилген нааразылык акциясы учурунда коомдук тартипти бузган саясий партия дароо жоюлат. Беларустун оппозициялык партиялары, ошондой эле коммунисттердин өкүлдөрү саясий кыймылдар өз көз-караштарын билдирүүдөгү акыркы мүмкүндүктөн ажыратылды деп билдиришти.

XS
SM
MD
LG