Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

БУУнун Коопсуздук кеңеши америкалык аскерлердин Эл аралык трибунал алдындагы кол тийбестик иммунитетин дагы бир жылга узартты


Франция, Германия жана Сирия добуш берүүдөн баш тартышты, Коопсуздук Кеңешинин калган 12 мүчөсү маселени колдоп беришти. Вашингтон Кеңештин мүчөлөрүн АКШлык аскерлер чет мамлекеттерде саясий куугунтукка кабылышы мүмкүн деп, аларды эл аралык сот алдындагы жоопкерчиликтен бошотууга үндөгөн. Америкалык жоокерлерге андай артыкчылык берүүгө анын алдында 20дай мамлекет каршы чыгышкан. Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Кофи Аннан резолюциянын мөөнөтү узартылса, Эл аралык кылмыш сотунун аброюна шек келтирилет деп эскерткен. Ал эми Грекиянын элчиси Адамантиос Вассилакис аталган резолюциянын зарылчылыгы деле жок, эл аралык сот адамзатка каршы кыянатчыл иштерди жана аскерий кылмыштарды гана караштырат деп белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG