Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Европа Биримдигинин биринчи конституциясы иштелип чыкты


Брюссель шаарында бүгүн Европа Биримдигинин атайын кеңешмеси өз ишин аяктап, Биримдиктин биринчи бирдиктүү конституциясынын долбоорун жактырды. Ал конституция боюнча, мурдагыдай алты ай сайын Биримдикке ар башка мүчө-мамлекеттердин төрагалык кылуусунун ордуна туруктуу жетектөөчү Кеңеш түзүлөт, Европалык комиссиянын курамы болсо кыскартылат. Кеңешмеге Франциянын мурдагы президенти Жискар Д'Эстен жетекчилик кылды жана долбоор эми эмки аптада Грекияда өтө турган саммитте талкууланат, бирок акыркы чечим октябрда өтө турган өкмөт аралык конференцияда кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG