Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Белгия жетекчилигине каршы АКШ аракет көрүшү мүмкүн


Белгиянын тышкы иштер министри Луи Мишель бүгүн атайын билдирүү жасап, өлкөнүн аскерий кылмыштар боюнча мыйзамдарына жаңы өзгөртүү киргизүүнүн зарылчылыгы жок деп билдирди. АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд кечээ күнү Брюсселде болуп, эгер Белгия өз мыйзамдарын өзгөртпөсө, Брюселдеги НАТОнун баш кеңсесине керектүү каражатты АКШ бөлүп бербейт деп билдирген. Белгиянын мыйзамдарына таянып, бир нече Ирак жараны АКШ вице-президенти Дик Чейни, мамлекеттик катчы Колин Пауэлл, генерал Томми Фрэнкс жана мурдагы президент Жорж Бушка каршы сот иштерин ачкан. Белгиянын коргоо министри Андрэ Флаонун пикиринде болсо, бул маселе боюнча АКШ менен сүйлөшүү жүргүзүү керек.

XS
SM
MD
LG